situs togel dentoto https://sabalansteel.com/ https://dentoto.cc/ https://dentoto.vip/ https://dentoto.live/ https://dentoto.link/ situs togel situs toto toto 4d dentoto omtogel http://jeniferseo.my.id/ https://seomex.org/ omtogel
omtogel situs toto togel 4d terpercaya omtogel omtogel https://forum.npost.tw/

Народный репортёр

ЖАМУдагы коррупция

ЖАМУнун окутуучуцлары

0:00, 11 ноября 2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы С.Исаковго, Жалал-Абад областынын башкы прокурору Ө.Жамшитовго, маалымат учун КРнын Түштүк Регионалдык Коррупцияга каршы Элдик көзөмөл коомдук бирикмесинин төрагасы Ж.Пазыловго Кайрылуу Сиздердин атыңыздарга билдирүү жазып кайрылып жатканыбыздын себеби төмөндөгүчө: Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жаны кылымдын адамы тан кала турган мыйзамга туура келбеген көптөгөн фактылар болуп келе жатат. Бүгүнкү күндө Президентибиз А.Атамбаев коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгылыктуу жумуш алып бара жатканы баарыбызды кубандырып жатат. Тилекке каршы Президенттин бул аракетине каршы иш жасап, СДПК партиясын жууркан катары жамынып алып эски адаттарды унута элек Бакиевчил жоон топтон турган команда бүгүнкү күндө ЖАМУ деген чон стратегиялуу “кемени” коррупциялык иш аракеттери менен башкарып бара жатышат. Ажообуз СДПКпартиясын тазалаймын деп бекеринен айтпаса керек. Мезгилинде К.Ж.Усенов “Ак-жол” партиясына өтө коюп, шаардык кенештин депутаты Акмат Бакиевге “Акмат аке” деп, анын жардамында шаардык кенештин депутаты, аны менен бирге ЖАМУнун биринчи проректордук кызматына келген. Азыр аларды танып, “СДПК партиясындамын” - деп жүрөт. Түштүк регионалдык «Ош-Аудит» ЖЧКнын жетектөөчү адиси Т.Темирбаевдин маалыматына таянсак, К.Ж.Усенов өкмөттүн 27.05.2011-ж. № 256 токтомун аткарбастан ЖАМУга окууга келген чет-өлкөлүк студенттердин окуу акысын толук кассага түшүрткөн эмес. (1-табл.). 1- Таблица № 1) - Тайпалар (группалар) 2)- Студенттер. саны 3)- План боюнча төлөнүүчү контракт төлөмдөрү, сом 4)-Факт боюнча төлөнгөн контракт төлөмдөрү, сом 5)- Ушул убакка чейин төлөнбөй калган контракт төлөмдөрү, сом 1) 2) 3) 4) 5) 1 ЛДИ 1-15 189 13 986 700 4 009 400 -10 052 700 2 ЛДИ 1-16 220 19 800 000 7 070 000 -12 730 000 3 ЛДИ 2-12 19 840 000 60 000 - 780 000 4 ЛДИ 2-13 13 720 000 - - 720 000 5 ЛДИ 2-14 35 2 563 600 - -2 563 600 6 ЛДИ 7-14 68 5 051 800 150 800 - 4 901 000 Жалпысы: 544 42 962 100 11290 200 - 31 747 300 Таблицадагы маалыматка таянсак, анда К.Ж.Усенов 31 747 300 (отуз бир миллион жети жүз кырк жети мин үч жүз) сомду түшүргөн эмес. Республикалык мамлекеттик бюджеттик фондтон каржылануучу илимий долбоорлор боюнча жалпысынан 1 миллион 800 мин сомдун тегерегиндеги акчага Усенов К.Ж. «Катуу пайдалуу казындыларды казып алуу боюнча жер көчкүлөрдүн процесстери» деген темага ЖАМУнун илим бөлүмүндө, о.э. Энергоресурстар жана геоэкология институтунда Ж.Текеновдун жардамы астында «Табигый кырсыктарда көчкүлөрдүн процесстери» - деген темага жетекчилик кылган. Бул темалар бир эле теңдеменин жардамы астында ар турдуу чектуу шарттарда компьютерде чыгарылат. Ошол эле убакта Усенов К.Ж. эки тарапта тең (Энергоресурстар жана геоэкология институту менен ЖАМУ) жетекчилик кызматта иштеген. Ал эми эмгек кодекси боюнча бир эле убакта өзүнүн жумушунан башка бюджеттик мекемелерде иштөөгө мүмкүн эмес. К.Ж.Усенов “өзүнө” караштуу адамдарын коррупциялык жол менен (туугандары, жакындары, окуучулары, жердештери, “достору” ж.б.) адистиктери туура келбесе да тиешелүү адистиктерди чыгаруучу кафедраларга кафедра башчысы кылып, кээбир факультеттерге декан, директор кылып дайындап алган. “Геомеханика, тоо кыркаларынын бузулушу, кен аэрогазодинамикасы жана тоо теплофизикасы” жана көчкү процесстери менен илимий иштерин коргогон К. Усеновдун «адистери» педагогикалык-инженердик адистиктерге окуу-процессинин жүргүзүүсү жана жетектөөсү мисал боло алат. Адистик сабактарды өздөрү беришпейт, себеби кафедранын бүтүрүүчү адистиктерине адистиги дал келбейт. Аларга окутуунун сапаты, ЖОЖдун аброю, министирликтин жоболору кызыктырбайт. Сөз болуп жаткан кызматкерлер коп жылдардан бери жетекчилик кызматтарда иштешип, университеттин ичиндеги коллективдин ынтымагын ыдыратып, тынчтыгын да бузушуп өз кызыкчылыктары үчүн ар кандай мыйзамсыз жумуштарды жасап келип жатышат. Мамлекетибиз боюнча «Таза коом» саясаты журуп жатканына байланыштуу жогоруда аталган көрүнүштөргө конкреттүү чара колдонуу менен ЖАМУ жамаатында мыйзамдуу, таза коомду түзүү керек. . Буларга обьективдүү карап, мыйзам чегинде баа берүүнүздөргө ишеним артабыз. Биздин ден соолугубуз, үй-бүлөбүз үчүн атыбызды ачык жазуудан баш тарттык. Сиздерди терен урматоо менен ЖАМУнун жамаатынын атынан.

Ссылка на новость: https://for.kg/public_reporter-347-ru.html

 

 

Комментарии

Комментарии отсутствуют

 

SAPE:

 

АГРОПОРТАЛ КЫРГЫЗСТАНА, НОВОСТИ СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА
Обучение ювелирному делу в Бишкеке
МСН Общественно-политическая газета

18+

FOR.kg - Кыргызстан новости, пресса

Поисковый сайт новостей (новостной агрегатор, агрегатор СМИ) FOR.kg

Прежде прочтите Соглашение по использованию поискового сайта FOR.kg

При использовании материалов сайта FOR.kg - ссылка на источник обязательна

По всем вопросам обращайтесь в Службу поддержки

Top.Mail.Ru