https://socialbarandgrill-il.com/ situs togel dentoto https://sabalansteel.com/ https://dentoto.cc/ https://dentoto.vip/ https://dentoto.live/ https://dentoto.link/ situs toto toto 4d dentoto omtogel http://jeniferseo.my.id/ https://seomex.org/ omtogel https://omtogel.site/
omtogel situs toto togel 4d terpercaya omtogel omtogel omtogel omtogel
В Кыргызстане выявлено 35 новых случаев заболевания коронавирусомСколько случаев коронавируса выявлено среди силовиков КР — ответ Минздрава

75 лет Великой Победе. "Жуков" атындагы медаль менен сыйланган Моют Мусаев

 

Фотографии: akipress.kg

4 мая 2020, 10:54       Источник akipress.kg       Комментарии

Агентство АКИpress в своей рубрике "Подвиг моего деда" рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне.
Аким Адамалиев в честь 75-летия Победы в ВОВ отправил статью про своего дедушку Мусаева Моюта:
"1923-жылдын 23-августунда Тянь-Шань районунун Жетиген айылында туулган. Жаш кезинде ата-энесинен эрте айрылып, Акылбек таякесинин колунда чоңойгон.
1942-44-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышып, жөө аскерлер полкунда кызмат кылат. Душман менен далай жолу бетме-бет атышканга катышканын көп эскерээр эле. Ошондой салгылаштын биринде оор жарадар болуп, 2-топтун майыбы болуп кайтып келген.
Согуштан келгенден кийин колхоздо активдүү иштеп, кой-товар фермасынын, уй-товар фермасынын башчысы болуп иштеп, "Жаңы-талап" колхозун түзүүдө чоң эмгек кылган. Анын бул эмгеги жөнүндө белгилүү жазуучу Мидин Алыбаев "Биринчи комсомолец" деген чыгармасында негизги каарман катары жазган. 1973-1995-жылдары Нарын областтык мамлекеттик жаратылышты коргоо инспекциясынын Соң-Көл жайлоосундагы участкасында 20 жылдай егер болуп иштеп, ардактуу пенсияга чыккан.
Жоопкерчиликтүү эмгеги үчүн 1953-жылдын май айынан тартып КПССтин мүчөсү болгон. Партия жана өкмөт алдындагы эмгеги жогору бааланып, "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиштин 50, 60, 70 жылдыгына карата юбилейлик медалдары менен, 1996-жылы Россия Федерациясынын Президентинин Указы менен "Жуков" атындагы медаль жана башка көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.
Согуштун ветераны, ардагер катары Моют Мусаевди Жаңы-Талап айылы түгүл, Жерге-Тал айылдык кеңешине кирген 8 айылдын эли ар дайыма кадырлап турушчу. Өмүр бою колунда мал-мүлкү бар, муктаждыгы менен сураган адамга аянбастан малын берген берешен айыл ичинде кадырлуу адам болгон. Көзү тирүүсүндө айыл эли ар кыл маселелер боюнча анын кеңешин угуп, акылына көнүп, турушкан. Ким болбосун кайрылса акыл-насаатын бере алган, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон эмгекчил жетекчи жана жөнөкөй адам катары айылдаштары сыймыктануу менен эскеришет.
Улуу Ата Мекендик Согуштун 75 жылдыгынын алдында айылдаштары баатыр жердешинин элесин унутта калтырышпай, согуш ардагери Мусаевдин Моюттун атын айылда жаңы түзүлүп жаткан көчөгө ыйгарып беришти. "Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" деген накыл сөз эң туура айтылган экен, өз өмүрүн элинен аянбай согуш талаасында душманга бетме-бет турган эр жүрөк айылдашынын ысымы эч качан унутулбасын жана келечек муундар эстеп жүрүшсүн деп айыл эли зор таазим жасашты.
Мусаев Моют өз айылдашы Айткулуева Сабира менен баш кошуп 12 баланы: 6 уул, 6 кызды тарбиялап чоңойткон. Ал 2003-жылы 80 жашында дүйнөдөн кайткан".
Для публикации отправьте историю вашего родственника с фотографиями на электронную почту akipress@gmail.com с пометкой "Подвиг моего деда".

Ссылка на новость:
https://for.kg/news-645720-ru.html

Читайте также

Акылбек Жапаров встретился с главой МИД Великобритании. Что обсудили

Садыр Жапаров встретился с министром иностранных дел Великобритании Дэвида Кэмерона

Президент встретился с министром иностранных дел Великобритании

Главы МИД КР и Великобритании подписали дорожную карту сотрудничества

Великобритания вдвое увеличит финансирование проектов в Кыргызстане

 

SAPE:

 

АГРОПОРТАЛ КЫРГЫЗСТАНА, НОВОСТИ СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА
Обучение ювелирному делу в Бишкеке
МСН Общественно-политическая газета

18+

FOR.kg - Кыргызстан новости, пресса

Поисковый сайт новостей (новостной агрегатор, агрегатор СМИ) FOR.kg

Прежде прочтите Соглашение по использованию поискового сайта FOR.kg

При использовании материалов сайта FOR.kg - ссылка на источник обязательна

По всем вопросам обращайтесь в Службу поддержки

Top.Mail.Ru