4 мая 2020, 10:46
Источник akipress.kg
Комментарии
Агентство АКИpress в своей рубрике "Подвиг моего деда" рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне.
Аким Адамалиев в честь 75-летия Победы в ВОВ отправил статью про своего дедушку Шамбет уулу Бейше:
"Шамбет уулу Бейше 1922-жылы 10-майда Тянь-Шань районунун Жетиген айылында туулган.
21 жашында 1941-жылдын күз айларында Советтик Армиянын катарына чакырылып, кан майданга аттанган. Ал учурда бир тууган агасы Төлөк да согушта жүргөн экен. Бейше Шамбет уулу жөө аскерлер тобунда, артиллерия полкунда замбирек аткыч болуп кызмат өтөп, согуштун акырына чейин катышат. Берлинге чейин барып, 1946-жылы эли-жерине кайтып келет.
1947-1951-жылдары Кумбел алтын кенинде жумушчу, бригадир, 1951-1958-жылдары Тянь-Шань жол чарба мекемесинде мастер, "Жаңы-Талап" колхозунда бригадир, 1958-1963-жылдары. Казан-Куйган керек-жарак кооперациясында дүкөн башчысы, 1963-1983-жылдары. Жерге-Тал байланыш бөлүмүнүн начальниги болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.
Согуштагы жана совет жылдарындагы каарман жана күжүрмөн эмгеги үчүн бир топ ордендер, медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган. Айыл элинде түз жүргөн мамилеси, насаат сөзү менен зор кадыр-баркка ээ болгон.
Жубайы Ражап менен 4 уул, 4 кызды татыктуу тарбиялашты. Бейше Шамбет уулу узак оорудан кийин 1984-жылы 22-майда 62 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Атабыздын жаркын элеси ар дайыма жүрөгүбүздө сакталат".
Для публикации отправьте историю вашего родственника с фотографиями на электронную почту akipress@gmail.com с пометкой "Подвиг моего деда".