https://socialbarandgrill-il.com/ situs togel dentoto https://sabalansteel.com/ https://dentoto.cc/ https://dentoto.vip/ https://dentoto.live/ https://dentoto.link/ situs toto toto 4d dentoto omtogel http://jeniferseo.my.id/ https://seomex.org/ omtogel https://omtogel.site/ personal-statements.biz
omtogel situs toto togel 4d terpercaya omtogel omtogel omtogel omtogel
АБР выделит Кыргызстану 50 млн долларов на борьбу с COVID-19В Кыргызстане продлен срок действия "зеленого коридора" для иностранцев, - МИД

75 лет со дня Великой победы. Эмгекчил, ак ниет, боорукер, тамашакөй Аманкул Алдашев

 

Фотографии: akipress.kg

          

5 мая 2020, 9:52       Источник akipress.kg       Комментарии

Агентство АКИpress в своей рубрике "Подвиг моего деда" рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне.
Айдай Аманкулова рассказала о своем дедушке:
"Неберелери үчүн даанышмандыктын үлгүсү - Алдашев Аманкул.
Мен анда тестиер кыз элем. Чоң атам согуш жөнүндө кеп кылса, жомоктой туюлчу. Башынан өткөргөн оор күндөрүн эстегиси келбесе да, биз кайра-кайра сурай берер элек. Чоң атам согуштун акыркы жылдарында Прибалтикада болгонун, чер токтойдо жер казып, согуш талаасында курман болгон далай жоокердин сөөгүн көмүшкөнүн, бут кийими жыртылып, таманын чор басып, арга кеткенде өлгөн немистердин өтүгүн чечип кийип алгандарын айтып, күлдүргөнү гана эсте калыптыр...
Чоң атам Алдашев Аманкул 1926-жылы Нарын облусуна караштуу (ал кезде Тянь-Шань облусу) Нарын районунун Миң-Булак айлында туулган. 1944-жылы күзүндө жашы жаңы 18ге толгондо Кызыл Аскердин катарына чакырылган.
Алма-Ата шаарында Борбор Азия аскер округунун 32-аткычтар бригадасынын 89-аткычтар полкунда атайын даярдыктан өткөн. 1945-жылы 14-майда Инстербург шаарындагы (азыркы Черняховск) 1-Прибалтикалык фронтуна жөнөтүлгөн.
Ал Советтик Армия фашисттерди жеңгенге чейин кан майданда болуп, Улуу Жеңиштен кийин дагы аскердик милдетин толук өтөп бүтүп, 1946-жылы үйгө аман-эсен кайтып келген.
Согуштан кийинки оор күндөрдө да айылда чоң эмгек өтөдү. Колхоздун коюн алып, 40 жыл мал бакты, "эмгектин ударниги" болуп, "Москвич" автоунаасы менен сыйланганын билем.
Он бала - алты уул, төрт кызды - тарбиялап өстүрдү.
Чоң атам эмгекчил, ак ниет, боорукер, тамашакөй адам катары эсимде калды. Кыраатын келтирип, коңур үнү менен китепти укмуш окучу эле. Абазы радиодогу дикторлордон кем калышчу эмес. Куйручук, Көкөйтөй, Жоошбай тууралуу сонун чыгармаларды окуп берчү. Айылдын китепканасындагы бир дагы китепти калтырган жок, баарын окуду. Анан ТВдан парламенттин түз жыйынын үзбөй көрөр эле. Бардык темада сүйлөшүп кете алган, акылы тунук адам болчу.
Өкүнүчтүүсү, чоң атамдын согушка катышканы тууралуу документтер жоголуп кетип, "Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери" деген наам ала албай калды. Жоголгон документтердин архивдик көчүрмөлөрүн издөө иштери башталган кезде, ал 2006-жылы 80 жаш курагында көз жумду.
Чоң атамдын согушка катышканын далилдеген маалыматтарды кечээ жакында эле эжебиз Орусия Коргоо министрлигинин "Кызыл Армиянын жана Аскердик-деңиз флотунун Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги (1941-1945-жж) архивдик документтерин ачыкка чыгаруу" жөнүндөгү буйругунун негизинде жарык көргөн "Память народа" аталышындагы электрондук базадан таап чыкты.
Чоң атамдын көзү тирүү болгондо кандай гана кубанат эле... Кандай гана болбосун, ал биз үчүн согуштун да, эмгектин да баатыры, акылмандуулуктун үлгүсү. Сизге таазим, атаке!
АТАМА
Мен союздун архивин казып чыктым,
Терең кирип, барактарын чачып чыктым.
Жок дегенде бир кагаз болот го деп,
Мына минтип атакемди таап чыктым.
Байкуш атам мен согушка баргам дечү,
Токой бойлоп, жыл сүрөп калгам дечү.
Өлгөн далай немистин өтүгүн да
Чор бутума чылгоо ороп салгам дечү.
Токойдогу тоголонгон консервадан
Даамын татып, оозума салгам дечү.
Чарчаганда кароолдо турган жерден
Көз илинип, мен уктап калгам дечү.
Окоп казып, далай сөөк көмгөм деген,
Ачарчылык, кыйын кезди көргөм деген.
Согуш бүтүп, өмүрүм насип болуп,
Кайтып келип, энекемди көргөм деген.
Убагында бул кагаздар баркталганда,
Изилденип, бул маалымат такталганда,
Атакебиз Ветеран болмок экен,
Документи жоголбой сакталганда.
Кызыңыз Төлөкүл".

Ссылка на новость:
https://for.kg/news-645932-ru.html

Читайте также

Китайские друзья помнят о героях Великой Отечественной войны

В Кыргызстане осталось 39 ветеранов Великой Отечественной войны

В Кыргызстане осталось 39 ветеранов Великой Отечественной войны

Минтруда Кыргызстана предупреждает о мошенничествах по отъезду в Великобританию

Инвестфонд с капиталом $19,5 миллиона откроет Великобритания в Кыргызстане

 

SAPE:

 

АГРОПОРТАЛ КЫРГЫЗСТАНА, НОВОСТИ СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА
Обучение ювелирному делу в Бишкеке
МСН Общественно-политическая газета

18+

FOR.kg - Кыргызстан новости, пресса

Поисковый сайт новостей (новостной агрегатор, агрегатор СМИ) FOR.kg

Прежде прочтите Соглашение по использованию поискового сайта FOR.kg

При использовании материалов сайта FOR.kg - ссылка на источник обязательна

По всем вопросам обращайтесь в Службу поддержки

Top.Mail.Ru