https://socialbarandgrill-il.com/ situs togel dentoto https://sabalansteel.com/ https://dentoto.cc/ https://dentoto.vip/ https://dentoto.live/ https://dentoto.link/ situs toto toto 4d dentoto omtogel http://jeniferseo.my.id/ https://seomex.org/ omtogel https://omtogel.site/
omtogel situs toto togel 4d terpercaya omtogel omtogel omtogel omtogel
Утвержден алгоритм взаимодействия госорганов по согласованию въезда иностранных специалистов в КРПрогноз погоды по Кыргызстану на 6-10 мая

75 лет Великой Победе. Азимбай атанын кан майданга кеткен 5 уулу жөнүндө

 

Фотографии: akipress.kg

5 мая 2020, 17:03       Источник akipress.kg       Комментарии

Агентство АКИpress в своей рубрике "Подвиг моего деда" рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне.
Алмазбек Токторов рассказал о 5 братьях, воевавших на войне:
"Улуу Ата Мекендик согушка бир үйдөн аттанган беш бир тууган Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ак-Булак айылынын тургуну Азимбай аксакалдын Төрөкул, Имет, Каран, Маматаалы, Арын аттуу уулдары кан майданга кеткени, алардын бир үй-бүлөдөн экенин айтуу, бүгүнкү муун үчүн чоң эскерүү-табериктир.
Азимбай аксакалдын уулдарынынын улуусу Төрөкул Ленинграддын алдындагы кан күйгөн согушта курман болду деп божомолдонот... Белгисиз жоокерлердин катарын толуктады.
Имет уулу 1942-жылы Можайск шаарын бошотууга катышкан, күжүрмөн жоокер катары согушта жүрүп 1944-жылы башынан, бутунан жаракат алып, 2-топтогу майып болуп кайтып келген. "Отечественная война" 1-даражадагы ордени, "Жуков" медалы, жана Улуу Ата Мекендик согуштун юбилейлик медалдары менен сыйланган.
Үчүнчү уулу Азимбаев Каран Смоленск, Харьков шаарларын коргоого катышып, алган жарааттарынан улам 1-топтогу майып болуп кайткан. "Отечественная война" 1-даражадагы ордени менен сыйланган, андан сырткары Улуу Ата Мекендик согуштун юбилейлик медалдары менен сыйланган.
Азимбаев Маматаалы 1939-жылы аскердик кызматка чакырылып, согуштун аягына чейин жүрүп 1947-жылы кайткан. Ал Ленинград багытында Артиллериялык полкто кызмат кылган. Курчоодо калып, туткун азабын тартып, ал жерден качып чыгып, партизандар отрядында болгон. Согуш аяктаган соң Аскердик окуу жайдан билим алууну уланткан. Ден соолугуна байланыштуу аскердик окууну токтотуп Ак-Булак айылына кайра келген. "Отечественная война" 2-даражадагы ордени, 1944-жылы "За боевые заслуги", эки жолу катары менен 1944-жылы, 1945-жылы "За отвагу" медалдары менен сыйланган.
Бешинчи, кенже уулу Азимбаев Арын 18 жашка толуп-толбой согушка аттанган. Ленинград шаарын коргоо учурунда оор жаракат алат. Кайрадан согуш талаасына кирип, 2-жолу оор жарадар болот, алган жараатынан улам 2-топтогу майып болуп, өзү туулуп оскон айылына кайтат. 1944-жылдын 12-июнунда "За оборону Ленинграда" медалы, "Отечественная война" 1-даражадагы ордени, 1996-жылы "Жуков" медалы жана башка көптөгөн юбилейлик медалдары менен сыйланган.
Кенже уулу кан майданга жөнөтүүдө Азимбай атанын каармандыгын, жоопкерчиликтүүлүгүн, мамлекет, Мекен алдындагы парзын сезе билүүсүнүн жогорку деңгээлде экенин билдирген. Айылдаштары Ноокат камиссариатынан атайын киши келгенде эч муюбай, кайраттуу туруп, "Жалгыз таруу-ботко болмок беле, барат уулум" деп жооп бергенин сыймыктануу, урматтоо менен эскеришип, ушул сөзү сабырдуулукка, жеңишке болгон ишенимдердин дагы да бекемделишине алып келген. Уулуна: "Акалариңа кошул, балам" деп батаа дубасын берип узаткан атанын айкөлдүгү, кайраттуулугу, сабырдуулугу, патриоттуулугу эмей эмине. Болбосо төрт уулун аттандырган атада бешинчи уулун жөнөтпөй коюуга укугу бар эле, Азимбай ата мекенчилдиктин, ар-намыстуулуктун, бийик ариеттин үлгүсүн көргөздү, согуш карапайым адамдардан каармандыкты, кайсы жерде, кандай кырдаал болбосун жигердүүлүктү, топ бузган лидерликти талап кылат экен, адамдыктын жогорку үлгүсүн көргөзгөн бул Азимбай атанын образын белгилүү бир чыгарманын каарманына окшоттум.
...Калмактар менен болгон кармаштардын биринде 80деги аксакалдын Аккочкор аттуу уулу туу көтөрүп жүрүп, сайышта курман болгонун угузушкан экен: "Аккочкор өлдү" деген кабарга майышканын билдирбей, кайратынан жазбай,
"Аккочкор өлсө Каңкым бар,
Ааламга жетээр даңкым бар" деп үйдөгү кенжесин аттанткан дешет...
...Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына эскерилген Азимбай атанын уулдары сөөгү таза экен, Алланын насиби менен үчөө 80 ашык жаш көрдү, Караан ата 100 жыл жашады.
Төрөкул уулунан башка төртөө согуштан кайтып келип эл чарбасын көтөрүүгө кошкон салымдары да өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Согушта кандай күжүрмөндүктү көргөзүшсө, согуштан кийинки чарбаны көтөрүүгө бар күчүн жумшашты. Азимбаев Имет ата колхоздун жылкы чарбасын колуна алса, Арын ата колхоз башкармалыгында эмгектенип, "Эмгек Кызыл Туу" ордени жана "Эмгек ардагери" медалдары менен сыйланган, Маматаалы ата тамекичилик боюнча алдыңкы звенону башкарып, Москвага чейин барып, эл чарба жетишкендиктери көргөзмөсүндө алдыңкы орунду алган. Ал эми Каран ата болсо өмүр бою колхоздун тамеки бригадасында эмгектенген.
Жеңиштен кийин да ак эмгектери менен өздөрүнүн адамдык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарышып, бала-чакалуу болуп татыктуу жашоо кечиришти. Азимбай атанын даңктуу беш уулунан тараган улан-кыздар турмушта аталар салган изги из менен элге эң керектүү саламаттыкты сактоо, эл агартуу тармактарында мугалимден тартып профессорлука чейин, Жогорку Кеңеште депутаттык кызматта жана башка ар турдуу кесиптерди аркалап Мекен үчүн, эл үчүн ак ниеттүүлүк менен эмгектенип келишүүдө.
Бир үй бүлөнүн беш уулу Улуу Жеңишти жакындатууга, алып келүүгө опол тоодой салым кошконун белгилеп, "Эч ким, эч нерсе унутулбайт" демекчимин".
Для публикации отправьте историю вашего родственника с фотографиями на электронную почту akipress@gmail.com с пометкой "Подвиг моего деда".

Ссылка на новость:
https://for.kg/news-646143-ru.html

Читайте также

Инвестфонд с капиталом $19,5 миллиона откроет Великобритания в Кыргызстане

Кыргызстанцы в Великобритании: как работают и выживают на полях местных фермеров

Великая Отечественная: наша общая война, наша общая Победа

Акылбек Жапаров встретился с главой МИД Великобритании. Что обсудили

Садыр Жапаров встретился с министром иностранных дел Великобритании Дэвида Кэмерона

 

SAPE:

 

АГРОПОРТАЛ КЫРГЫЗСТАНА, НОВОСТИ СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА
Обучение ювелирному делу в Бишкеке
МСН Общественно-политическая газета

18+

FOR.kg - Кыргызстан новости, пресса

Поисковый сайт новостей (новостной агрегатор, агрегатор СМИ) FOR.kg

Прежде прочтите Соглашение по использованию поискового сайта FOR.kg

При использовании материалов сайта FOR.kg - ссылка на источник обязательна

По всем вопросам обращайтесь в Службу поддержки

Top.Mail.Ru