За добро добром платят — как бабушка ответила бишкекчанке на ее поступокКак получить квалифицированную бесплатную юридическую помощь в Кыргызстане

75 лет Великой Победе. Ысак уулу Сыдык

 

Фотографии: akipress.kg

6 мая 2020, 9:33       Источник akipress.kg       Комментарии

Агентство АКИpress в своей рубрике "Подвиг моего деда" рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне.
Влад Ромашкин рассказал о своем дедушке:
"Улуу Ата мекендик согушка катышкан улуу инсан тууралуу айтып берүүнү туура таап олтурам.
Биздин Нарын районунун Жерге-Тал өрөөнүнөн совет жылдарында райондук жана областтык деңгээлдерде партиялык органдарда жооптуу кызматтарда иштеп чыккан мыкты уулдарыбыздын бири Ысак уулу Сыдык болуп саналат. Ал 1924-жылы ал кездеги Тогуз-Булак айылында атагы Нарын жергесине таанымал чечей уруусунан чыккан Ысак молдонун үй-бүлөсүндө туулган. Ысак молдо диний билими бар, мыкты дем салган, диний ырым-жырымдарды так билген, өзүнүн жүрүш-турушу менен айылдаштарынын жана ал кездеги сарыбагыш чөлкөмүнүн элине абдан таанымал молдо адам болгон экен, ушундай кадыр-баркынан улам өзүнүн оокатына тың жашаган, туугандарына караштуу болгон деген маалыматтарды угуп калган элем.
Мына ушундай атанын тарбиясын алган Сыдык жаш кезинен зээндүү болуп өсөт. Китеп окуганды абдан жакшы көрөөрүн айтышат. 17 жашында Улуу Ата мекендик согушка аттанат да, Улуу Жеңиш менен туулган жерине кайтып келет.
Согуш жаңы эле аяктаган кез. Ал учурда жогорку билимдүүлөрдү коёлу, орто билими барлар анда-санда гана кезиге турган. Андайлардын көбү тээ Батыштагы алааматтан кайтпай калышты. Сыдык Ысак уулу Нарын районундагы Куйбышев атындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп калат. 2 жылдан кийин туулуп өскөн Тогуз-Булак колхозуна келип, кой-товар фермасынын башчысы болуп иштейт. Өзүнүн ишине так, билимдүү, таза кызматкер катары таанылган Сыдык Ысаковичти Кыргызстан КП Нарын райкомуна инструктор кылып алып кетишет, кийин биринчи катчынын жардамчысы, анан райкомдун пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалайт. 20-кылымдын 50-жылдарында партиялык мындай кызматтарда иштөө өтө маанилүү жана кадыр-барктуу болгон, аларды бүгүн партиянын алтын фондусу деп атасак толук жарашат.
Партиялык жогорку билим алсын деген партиялык тапшырма менен ал Кыргызстан КП БКнын алдындагы республикалык жогорку партиялык мектептен 2 жыл билим алат. 1956-жылдан партиянын Тянь-Шань обкомунда лектор, лекторлор тобунун жетекчиси, "Билим" коомунун областтык башкармалыгынын жооптуу катчысы болуп иштеп калат. Тянь-Шань облусу жоюлганда Сыдык Ысакович партиянын Нарын шааркомунун үгүт-насыят бөлүмүн жетектеп турган.
Ал эми 1970-жылы область кайра ачылганда, аны тажрыйбалуу идеолог катары облустук партия комитетинин агитация жана пропаганда бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары кылып которушкан. Бул кишинин өзгөчөлүгү - ошол кездеги партиянын тарыхын жат айтып берээр эле, абдан чечен адам болгон, аудитория менен алардын тилинде сүйлөшө алгандыктан партиянын үгүт-насыят иштерин абдан билгичтик менен аларга жеткире алган жөндөмгө ээ болгондугун замандаштарынан көп ирет уккан элем. Көрсө партияга терең берилген, партиянын илимине сугарылган адам болгон экен.
Бул кызматта бир топ жыл иштеп туруп, жашы келгенде, жаштарга орун бошотуп берип, ардактуу эс алууга чыгып кетти. Кийин Нарын шаарындагы В.И.Ленин атындагы мектепте мугалим болуп иштеп жүрдү. Ал 1991-жылы кайтыш болгон.
Ак ниет эмгеги үчүн 2 жолу Кыргыз ССР Жогорку Сокетинин Ардак грамоталары, партиялык жана башка башкаруу органдарынын грамоталарына жана алкыштарына татыктуу болгон.
Байбичеси Советкан Майчинова атайын билимдүү инженер-технолог катары Нарын тигүү фабрикасынын инженери, узак жылдар башкы инженери болуп үзүрлүү иштеген.
Сыдык Ысаковичтин уулу Жолдошбек Сыдыков - философия илимдеринин доктору, профессор катары Нарын жергесинин жогорку билим берүү чөйрөсүнө таанымал окумуштуу, азыркы учурда С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин проректору болуп иштеп жатат.
Бир тууган карындашы Бөкөн Ысак кызы 90 жаштан ашса күүлүү-күчтүү Тогуз-Булак айылында уулу Кубаттын колуктусу Гүлкайырдын кароосунда неберелеринин багуусунда бакубат жашап жатат.
Карындашы Чүрөк көп жылдар Түп районунун Светлый Мыс айылындагы кургак учукту дарылоочу санаторияда медицина кызматкери болуп иштеп жүрүп, азыркы учурда ардактуу эс алууда. Азыр Бишкек шаарында жашайт".
Для публикации отправьте историю вашего родственника с фотографиями на электронную почту akipress@gmail.com с пометкой "Подвиг моего деда".

Ссылка на новость:
https://for.kg/news-646186-ru.html

Читайте также

Лионель Месси: Великий маэстро футбольного мира

Кыргызстан и Великобритания обсудили активизацию экономического сотрудничества

В Венгрии отметили 130-летие великого манасчи Саякбая Каралаева

В музее Улан-Батора откроют уголок, посвященный Великому кыргызскому каганату

Студенты из Оша и Таласа смогут поехать в Великобританию на стажировку

 

SAPE:

 

АГРОПОРТАЛ КЫРГЫЗСТАНА, НОВОСТИ СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА
Обучение ювелирному делу в Бишкеке
МСН Общественно-политическая газета

18+

FOR.kg - Кыргызстан новости, пресса

Поисковый сайт новостей (новостной агрегатор, агрегатор СМИ) FOR.kg

Прежде прочтите Соглашение по использованию поискового сайта FOR.kg

При использовании материалов сайта FOR.kg - ссылка на источник обязательна

По всем вопросам обращайтесь в Службу поддержки

Top.Mail.Ru