6 мая 2020, 11:50
Источник akipress.kg
Комментарии
Агентство АКИpress в своей рубрике "Подвиг моего деда" рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне.
Байымбет Мураталиев рассказал о своем отце:
"Быйыл 9-май 2020-жылы Улуу Ата-мекендик согуштун Улуу Жеңишине 75 жыл болгону турат. . Мен сиздерге тарых баракчасынан атаман укканымды, ушул күндөргө чейин белгисиз себептер менен 75 жылдан бери белгиленбей, айтылбай жана жазылбай келе жаткан Берлинде өткөн Улуу Жеңиш Парады жөнүндө эскергим келет. Ал Берлиндеги Улуу Жеңиш Парадка менин атам Мураталиев Молдон (Молдали) катышып, баатырларча согуштун женүүчүсү болуп өткөн. Бул күн 7-сентябрь 1945-жыл эле. Улуу муундар, айрыкча тарыхчылар жакшы билишет чыгар, 1945- жылдагы белгиленип өткөрүлгөн Улуу Жеңиш майрамдары туралуу.
Көпчүлүгүбүз 24-июнь 1945-жылы ал кездеги СССРдеги борборубуз Москва шаарында өткөн Улуу Жеңиш Парады тууралуу жакшы билебиз, мектептеги окуу китептеринде көп жазылган, жылда бул тарыхий окуя жөнүндө көп айтылат. Ал эми Берлиндеги Улуу Жеңиш Парады жөнүндө менин билишимче көөбүбүз билбешибиз мүмкүн. Себеби, буга көп себептери бар, ал жөнүндө кийин. Азыр кудайга шүгүр интернет деген чыгып, биз көп маалыматтар менен таанышып, үй бүлөлүк архивтерибизди толуктасак болот. Интернетке байланыштуу алдын ала айта кетейин, атамдын 2-даражадагы Даңк Орденин кандай эрдик үчүн алганын жана ошол Берлиндеги Улуу Жеңиш Парадына даярланып жаткандагы сүрөттөрүн биз интернеттен жана Россиянын согуш архивинен таптык.
Атам раматылык,, согуш жөнүндө көп айта берчү эмес, ал эми сөз кезеги келип калса, улуу нерселерди эскерчи. Мисалы: "Майданда (биринчи жылдарда атам пехотада согушкан экен) окко учкан, жарадар болуп талаада калган жаш жоокерлер - биринчи оозуна чыккан үнү, кыйкырыгы, онтоосу бул, "АПА", "МАМА" деп, же ар кимиси өз энесинин тилинде чыгарып, анан жан беришчүү эле, бир да жоокер майданда бирге согушуп жүрүп "АТА" же башка жакындарын эстеп, анан жоокерлердин кыйкырык салып чакырыгын укканым жок. Согушта көбүбүз араң эле 18-25 жаштагылар болбодукбу", - деп көөп айтып калаар эле. Согушуп өткөн жерлерин, жолдошторун, командирлеринин, басып өткөн шаарларынын аттарын, согушкан куралдарын жакшы билчү.
Көзү өткөнчө гезит, кыргызча, орусча китептерди көп окуп, санжыраны, тарыхты жакшы билген инсан болчу.
Атам Мураталиев Молдон (Молдали) 1922-жылы 9-майда азыркы Талас облусунда, Кара-Буура району, Арчагул айлында колхозчунун үй-бүлөөсүндө көп балалуу үйдө туулган. Ата энесинен эрте калып, 7-классты ШКМде (школа комунистической молодежи) окуп бүтүргөн. Атамдын балалык кезинде Грозный айлында (азыркы Аманбаево айылы) орустар көп болоор эле, чоң атам Муратаалы ошолор менен буудай айдап, эл баккан адам экен.
Ал эми атам болсо орустар менен чогуу өсүп, алардын тилин үйрөнүп, орусча таза сүйлөп калган экен. Атам жетим калып, эмгек жолун 15-16 жашында эрте баштаган. Ошол алган билими менен азыркы Таластагы, Кок-Сай айылынын тургундарын, чабандарын, сабатсыздыктан жою боюнча эл аралап окутуп, иштеп, жан багышкан. 1941-жылы согуш башталганда, атам Куршаб райвоенкоматынан (КРВК) чакырылат.
"Менин аскердик милдетимди так, тайманбас аткаргандыгымдан билимим 7 класс (согушка чейин мугалим) жана орусчаны жакшы билгендигимден, мени танка окусууна Владимир шаарына командирим алдынкы жоокер катары жиберген. Согуштун кызуу кези, биздин аскерлер көп жеринен запкыланып жатышкан убакыт эле. Бизди Владимир шаарына жөнөтүп, жарым жылдай танканын баардык түрүнө окутуп даярлашты. Анысы аз келгенсип, немецтердин ошол кездеги танкаларынын баардык болгон түрүн окуудук, танкага каршы куралдары менен тааныштык, а түгүл кээ бир сүйлөшүү сөздөрүн да окуп үйрөндөк. Аз убакытта танканын жана орудиянын командири болуп даярланып чыктым. Окууну бүтөрүбүз менен биз танка алып фронтко кирдик. Мага старшина деген звания берилип, биз 2-гвардейский брони-танковый армиянын, 6-Гвардиалык оор танкалардын полкунун курамы менен согушка кирдик. Биринчи танкабыз "КВ-122" оор танка эле", - деп эстейт атам.
Москвадан Берлинге чейин атам согуш жолун өтүп, бир нече жолу танкасы күйүп, улам жаңы танкаларга алмаштырып олтуруп, согуштун кыйынчылыктарын көргөн. Германияны талкалап, Берлинди алып жеңишке жетишишкен. Алдын ала атам КВ-122, Т-34 танкаларынын командири болгон экен андан кийин ИС-3 (Иосиф Висарионович Сталин атындагы оор танк) танкасы менен согушту аяктаган. Атам танкалардын характеристикаларын аябай жакшы билчүү жана душмандардын куралдарына каршы күрөшүү ыкмалары жөнүндө да айтканы эсимде. Мисалы, немецтердин танкага каршы ФАУСПАТРОН деген куралынан коркпой, коргонсоң болот дечү.
Фаустун снаярды жай учуп келет, анан броньго тийгенде канчалык бронь калын болсо, ал ошончолук жакшы кирип, анан ичинен жарылат, эч ким аман калбайт. Ал эми фаустун снаярды учуп келе жатканда байкап калып, коркпой шинел менен тосо калсаң снаряд бышылдап барып өчүп калат, дечү эле. Анан айтып калаар эле, бул немецтердин ошондогу биринчи ядер сымал куралы экен деп. Атам согушта эбегейсиз коп эрдиктерди коргозгон экен. 1945-жылы январь айынан апрель айына чейин эбегейсиз эрдик көрсөткөндүгү, немец баскынчыларын талкалагандыгы үчүн жана 44 шаарды бошотконго атамдын катышкандыгы үчүн Советтер Союсузунун Маршалы жолдош И.Сталиндин буйругу менен 11 алкыш берилген.
Атамдын 6-Гвардиялык оор танковый полку талкаланган Берлиндин буларга бөлүнгөн көчөлөрүн көзөмөлдөп жатышкан убагы. Чоң ИС-3 танканын люкун жаап, ичинде уктап кетет: бир маалда түшүмө Манас атам, Аккуланын үстүндө, коштогон 40 чоросу болуп, батышты карап дүрбү салып турган экен. Анан бир маалда батышты карай ураан көтөрүп, аттарын дүбүрөтүп жөнөштү-дейт, ошол маалда дүпүрттөн чоочуп ойгонуп кетиптир. Ойгонсо люкту бирөө каттуу ургулап жатыптыр, ача калса 40 жаштагы кары мойор көрүп "Победааааа!",- деп, кучактап кабар угузуптур.
Ошол бойдон атамдар басып алган Берлинде кызмат өтөп калышат. Ал кезде СССР менен Япониянын ортосундагы согуш бүтө элек эле. Май аяктап 24-июнь 1945-жылы Жогорку Ставка Берлинде Улуу Жеңиш Парадын өткөрүүнү божомолдошот. Союздаштар да макул болушкансыйт. Бирок, союздаштардын (Англия Франция жана Америка) ошол кезде булардын эшектери ылайдан өткөндөн кийин, алар тараптан түшөнүксүз, кыймылдар, ойундар башталат. Жана, ал кезде Япония менен биздин ортобуздагы согуш бүтө элек эле. Ушунун баарын Жогорку Ставка, Генералисимус И.Сталин эске алышып төмөнкүө чечим кабыл алышат, Улуу Жеңиш Парадын Москва шаарында 24-июнь 1945-жылы өткөрүү тууралуу. Ал эми Берлиндеги Улуу Жеңиш Парадын союздаштар менен сөссүз түрдө 7-сентябрь 1945-жылы өткөрүүнү. Улуу Жеңиш Парады Москва шаарында 24-июнь 1945-жылы бүткүл дүйнөнүн жетекчилеринин катышуусу менен өткөрүлдү. Ал эми июнь айынан кийин Улуу Жеңиш Парадын Берлинде өткөрүү боюнча даярлыктар башталат. Албетте, бул парадка союздаштардын да катышуусу каралгандыктан, биздин куралдуу күчтөр жеңүүчү катары бүткүл дүнүйөгө өзүнүн куралдуу күчтөрүнүн мыктылыгын, СССР элдеринин бирдиктүү ынтымагын, тартибин дагы бир жолу бүткүл дүйнөгө көрсөтүү зарыл эле. Менин атам согушту Мураталиев Молдон танканын командири болуп согуш жолун Владимирден баштап Берлинден аяктаган, 7-сентябрь 1945- жылы, чоң Берлиндеги Жеңиш Парадынан өткөн. Атам ушул парадты көп эскерчи "Чоң Берлиндеги Парад",-деп. Интернеттен 7-сентябрь 1945-жылдагы Жеңиш Парадын карап жүрүп, атабыздын сүрөтүн да таптым. Өкүнөм өзү көрбөй калганына. Дагы бир материал, кичи уулум Белгияда иштеп жүрүп, Россиянын архивинен атамдын 2-Даражадагы Даңк Орденине берилген командирлердин представлениясын жана аскердин приказдарын алган. Ал буйруктар биздин үй бүлөлүк архибибизде сакталат. Көчүрмөсү болсо биздин Аманбаев айлындагы Чынгыз Айтматов атындагы орто мектепте, атабыздын атындагы тарых классында сакталат, окуучуларга тарбия окуу куралы болуп. 2-Даражадагы Даңк Орденин Берлинди алып жатканда атам биздин аскерлердин чабуулуна жол ачыш үчүн, душмандын 2 пулемет точкасын солдаттары менен, 8 брони машиналарды жана 2 автомашинаны солдаттары менен жалпысынан 38 фашистин солдаттарын, айтылган техникалары менен таамай атып талкалап, биздин техникалардын жана солдаттардын чабуулуна жол ачкан экен.
Элде бекер айтылбайт" Эр эрдиги жерде калбайт",Эр эрдигин эл билет" деген улуу сөз бекер болбосо керек. Мени туура түшүнгүлө, чындап анализдеп отурсам биздин скромный атабыз баатыр болгон экен, тирүүлүгүндө да өкмөткө же бир органдарга доо койуп, эч качан кайрылган эмес. Ал эми баатырлыгын, согушта согушканын атуулдук милдет катары гана көрчү жана бизди балдарын ушундай тарбиялачы. Атаман 4 уулбуз, баарыбыз аскер кызматын өтөдүк.
Парадтан өтө турган СССРдин жана Союздаш мамлекетеринин аскер күчтөрү тизилген. Атам дайым айтчы эле Улуу Жеңиш Парадына 7 мамлекет катышкан деп. Азыркы тарыхый, архивтик материалдарга таянсак, 4 эле мамлекет айтылууда (СССР, Франция, Англия жана Америка (США). Бул жөнүндө изилдеп, эмки майрамга тактап эскерербиз. Саат 9 да Германиядагы Советтик Аскерлердин Башкы Командачысы, СССРдин Маршалы, СССРдин үч жолку баатыры Константин Жуков союздаш аскерлердин биринчи жетекчилеринин ар шылтоолор менен катышпай жаткандыгы туралуу Жогорку Ставкага И.Сталинге кабарлайт. И.Сталин, К.Жуковко Улуу Жеңиш Парадын саат 11-00до баштай берүүсүн тапшырат жана бул Улуу Жеңиш Парады негизинен биздин мамлекетибизге таандык экенин баса белгилейт.
Саат 11:00дө аянтка кара люмизин менен СССРдин Маршалы, СССРдин үч жолку Баатыры Константин Жуков чыгат, ага аскердин эрежеси боюнча Американын генералы чыгып Улуу Жеңиш Парадына катышуучулары, бүт аскер куралдуу күчтөр даяр деп, тактайт. К.Жуков акырын аскерлерди бойлоп, өтө баштайт. Атам эскерет эле "менин алдыман 5 метр аралыкта, кайран согуштун азаматы Константин Жуков өттү". Кара машинеде аппак китель кийген, орто бойлуу, чың, бети манактай кыпкызыл, төшүндө мойнунан киндигинен ылдый баары Орден, медалдар экен. Кийин, 1967-жылдары К.Жуковдун "Воспоминание и Размышления" деген эскерүү китеби чыкканда, атам издетип таптырып, окуганы эсимде. Иосиф Виссарионович Сталинди, Константин Жуковду жана башка аскер жетекчилерин башкача баалап, жакшы көрөр эле.
1945-жылы 22-октябрда СССР Верховный Советтин 12-Сессиясынын чечими боюнча аскер күчтөрүндө демобилизация жарыяланып, жоокерлер үйүнө кайтууга чечими чыгып, СССРдин Маршалы Г. Жуков жана Аскер Советинин мүчөсү Генерал-лейтенант Телегиндин жолдомосу менен атам эл жерине аман эсен кайтып келет. Ар дайым атамдын иниси кийин тарых мугалими раматылык Малташ Миңбаев эстеп калар эле, - Молдон акем согуштан келгенде баарыбызга белек, ал эми мага 12 жаштагы балага кол саатын белек кылды эле, анда элде саат жок болор эле мен аны көп жыл тагынып жүрдүм.
Атам тууган эли менен учурашып, андан кийин Ошко, Куршабка жөнөп кетет, себеби согушка ошол жерден чакырылган эле. Ошто мугалимдик ишин 1950-жылга чейин улантып, мектептин директору болуп иштеп, апама үйлөнүп, бир балалуу болуп анан Таласка кайтып келген экен. Атам тууралуу кийинки эскерүүлөрүмдө көп айтышка аракет кылам".