7 мая 2020, 16:42
Источник akipress.kg
Комментарии
Агентство АКИpress в своей рубрике "Подвиг моего деда" рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне.
Алтынай Шаршеева рассказала про своего деда:
"Менин чон атам Эшенгазы Шаршеев 1919-жылы 20-сентябрда Нарын обулусуна караштуу Кочкор районунун Тогуз-Булак айылында торолгон. 1935~жылы 7-классты бүткөндөн кийин Тогуз-Булак айылында мал доктурдун жардамчысы болуп иштеген.
1937-жылы Прежевальск шаарындагы айыл чарба окуу жайынын ветеринардык бөлүмүн бүтүргөн.
1939-жылы Кочкор комиссариаты тарабынан аскерге чакырылган. Украина республикасынын Полтава шаарындагы полктук мектепке түшөт. Ал жерде 6 ай окуп, орудиянын командири жана сержант наамын алат да кызмат өтөө үчүн жиберилет. Ата Мекендик согуш башталганда №1 Украиналык фронтунда орудиянын командири болуп согушка катышкан.
1943-жылы контузия алып госпиталга түшөт. Ал жерден айыккан соң, комиссиядан өтүп, Кавказ фронтуна жөнөтүлөт. Кавказды коргогондугу үчүн медаль менен сыйланган. 1947-жылы Мамлекеттик коопсуздук бөлүмүнө кызматка чакырылат.
Алматы шаарында 6 айлык курстан билим алып Кочкор районунда кийин Нарын шаарында коопсуздук бөлүмүндө иштейт. Кытай менен чектеш чек ара заставаларында оперативдик кызматтарды аткарат. Мамлекеттик тапшырмаларды абийирдүүлүк менен аткаргандыгы үчүн "Кызыл жылдыз" ордени менен сыйланат.
1967-жылы Нарын обулусунун Ат-Башы районундагы коопсуздук комитетине башчы болуп дайындалат. 1969~жылы ардактуу эс алууга чыгат.
Менин чоң атам ордендер жана бир нече медальдар менен сыйланган.
Тогуз баланы тарбиялап өстүрүп, тарбиялады. 70 жаш курагында 1989-жылы каза болгон. Жана ошондой эле 1991-жылы 27-декабрда Кочкор айылындагы өзү жашаган көчөгө Шаршеев Эшенгазы наамы берилген".