Более 30 тыс. кыргызстанцев, проживающих за чертой бедности, получат по 150 кг муки и по 15 литров маслаВ Бишкеке открыли памятник Герою Советского Союза Тулебердиеву

75 лет Великой Победе. Сапердук батальонундун командири Абдыбек Чакиев

 

Фотографии: akipress.kg

   

8 мая 2020, 9:12       Источник akipress.kg       Комментарии

Агентство АКИpress в своей рубрике "Подвиг моего деда" рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов.
Внучка майор Римма Чакиева рассказала о своем дедушке:
"Чакиев Абдыбек 1920-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Терк-Суу айылында туулган. 1941-1944-жылдары согушка катышып, Ленинградда 4 жыл фашисттик Германияга каршы сапердук батальонунда командир отделения болуп аскерде кызмат кылат. Польшада жүргөндө колунан жарадар болуп мекенине кайтат.
СССРдин Жогорку Советинин президиумунун указы менен согуштагы эрдиктери үчүн 1-даражадагы "Орден отечественной войны" ордени, "За отвагу" медалы жана башка күжүрмөн орден, медалдар менен сыйланган. Согуштун 3-топтогу майыбы болгон.
Согуштан кайткан соӊ 1944-1951-жылга чейин айылдык кеӊеште катчы жана төрагасы, 1951-жылдан 1956-жылга чейин Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айылында колхоздун башкармасы болуп иштеген. 1956-жылдан 1976-жылга чейин Калинин колхозунда башкарманын орун басары, ферма башчысы, бригадир болуп, кийинчерээк Ат-Башыда калкты турмуш тиричилик жактан тейлөө ишканасында бухгалтер болуп эмгектенген.
Калинин колхозунун байланыш түйүнүнүн башчысы болуп иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. Айылдык советке 4 жолу, райондук советке 3 жолу депутат, 1975-жылы Октябрь революциясынын 54 жылдыгына карата "Ардак грамотасы", 1973-жылы "Социалисттик мелдештин жеӊүүчүсү" деген сыйлыктарга ээ болгон.
Байбичеси "Баатыр эне" Чакиева Асылбүбү экөө 10 баланы татыктуу тарбиялашты. Учурда байбичеси 92 жашта. Абдыбек Чакиев 1999-жылы 79 жаш курагында кайтыш болгон.
Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери катары мурдагы Калинин азыркы Ак-Талаа айылындагы көчө Чакиев Абдыбек атынан коюлган".

Ссылка на новость:
https://for.kg/news-646658-ru.html

Читайте также

Студенты из Оша и Таласа смогут поехать в Великобританию на стажировку

Представлен логотип 80-летия Победы в Великой Отечественной войне

Лидером по покупке кыргызского золота в 2024 году стала Великобритания

В КР открылся новый визовый центр для подачи заявлений в Великобританию

Великобритания привлечет кыргызстанцев к сезонным работам

 

SAPE:

 

АГРОПОРТАЛ КЫРГЫЗСТАНА, НОВОСТИ СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА
Обучение ювелирному делу в Бишкеке
МСН Общественно-политическая газета

18+

FOR.kg - Кыргызстан новости, пресса

Поисковый сайт новостей (новостной агрегатор, агрегатор СМИ) FOR.kg

Прежде прочтите Соглашение по использованию поискового сайта FOR.kg

При использовании материалов сайта FOR.kg - ссылка на источник обязательна

По всем вопросам обращайтесь в Службу поддержки

Top.Mail.Ru