Кыргызстанцев призвали не проводить семейные мероприятия и не ходить по гостям: Были случаи, когда заразились COVID-19 на похоронахДетская больница в Бишкеке не закрылась после выявления COVID — Исмаилова

75 лет Великой Победе. "Окшош тагдырлар", - Асель Орозакунова чоң атасы жана тай атасы жөнүндө

 

Фотографии: akipress.kg

      

8 мая 2020, 12:38       Источник akipress.kg       Комментарии

Агентство АКИpress в своей рубрике "Подвиг моего деда" рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов.
Асель Орозакунова рассказала о своих дедушках Аскарбеке Орозакунове и Амане Шатманалиеве:
"Мен сиздерге Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери, чоң атам жана тай атам жөнүндө айтып бергим келди, себеби менин билип угушума караганда, экөөнүн баскан жолдору окшош экен. Чоң атам Орозакунов Аскарбек 1925-жылдын 15-июнунда Тянь-Шань районунун Куланак айылында, ал эми тай атам Шатманалиев Аман 1924-жылдын 30-декабрында Талас районунун Кырк-Казык айылында туулган.
Экөө тең 17 жашында Улуу Ата мекендик согушка жөнөтүлгөн, чоң атам Нарын аскердик бөлүмүнөн, ал эми тай атам Талас райондук аскер бөлүмүнөн жөнөгөн. Экөө тең согушка даярдоо курсунан өтүп, 1942-жылы согуш майданына жолдомо алышкан экен.
Чоң атам согушка даярдоо курсун Россиянын Пенза шаарында, тай атам болсо Казахстандагы Ак моло согушка даярдоо борборунда өткөн. Чоң атам Украинадагы фронтто, тай атам болсо Белоруссиядагы фронтто фашисттерге каршы согуш майданында күрөшүп, ошол жерден катуу жарат алышкан.
Чоң атам Орозакунов Аскарбек 18ге толо элек жашында согушка чакыртылып, Фрунзе шаарындагы аскердик бөлүккө жөнөтүлүп жатканда, чоң атамдын атасы Орозакун атам Арпа жайлоосунда болгон экен. Чоң атамды Фрунзедеги военкоматка алып кеткенин угуп, Орозакун чоң атам ат араба менен Куланактан Фрунзеге бир суткада жетип, чоң атамдын фронтко жөнөп жаткан мезгилине туш келиптир. Ала келген бышкан эт, кымызын берип, фронтко өзү жөнөтүп атып, каңырыгы түтөсө да тагдырга баш ийип, баласы кан майданга кетип жатканын өз көзү менен көргөн экен. Көзүнө жаш алып, алаамат согуштан аман эсен келсе экен деп кудайдан тилеп баласын узатып өзү кала берген.
Чоң атам согуштун кайнап турган мезгилине туш келиптир, аябагандай азапты көрүп, ошол жерден айылдашы Жусупов Аскарбек деген киши менен чогуу бир фронтто болушкан. Ал киши өтө чапчаң, тың адам болсо керек, жоктон барды таап, Украина фронтундагы Харьков шаарына жакын жердеги согуш тааласында жүргөндө жакынкы айылдардан картөшкө казып келип отко салып бышырып, талаадан уй көрө калса аны саай калышып экөө күн өткөргөн. Ошол согуш таалаасында, 1943-жылдын аягында, биринчи Украина фронтунда чоң атама жанынан жардырылган гранатанын бөлүкчөлөрү тийип, сол колунун чыканагынан ылдый алып кеткен. Ал тууралуу чоң атам бизге мындай деп айтып бергени эсимде:
"Кыштын ызгаар күндөрүнүн бири, Россиянын кышы шумдуктуудай суук болот экен. Ал күнү майданда айыгышкан беттешүү болду, кан аябай төгүлдү. Көп адам курман болду ошондо. "Алга алга!" деп душманды сүрөп бара жатканда, бир маалда жаныбыздан граната жардырылып, сол колума тийди. Жерге кулап, эс учумду жыйа албай калдым, ак кардын үстү кып кызыл канга боелду. Сол чыканагымдан ылдый кан токтобой кетип жатты. Кан токтосун деп жарадар колума кар баса бердим... Кимди ким көрүптүр, тегерегимдин баары эле өлгөн адамдар, арасында мен чылап онтоп жаткандар андан көп, санитарлар жардам бергенге жетишпей жаткан кез, арабасы толтура жарат алган аскерлер, орун жетпейт.
Ошентип кеч кире баштады, түн да болду, жардам жок. Ай жарык, күндүн суугу жандан өтөт. Бир маалда ат менен бир командир фонарын күйгүзүп тегеректи карап, тирүүлөр болсо алып кетип жүргөн экен. Өтө оор жарадарлар кыйналтпай атып салууну өздөрү суранышат...
Мени көрбөй өтүп бара жатканда, алсыраган үнүм менен чакырдым, оң колумду көтөрүп кыйкырдым, ал адам укпай алыстап эле кете берди. Түнгө калсам тоңуп өлөм го деп, үнүм болушунча кыйкырып ал мени көрө коюп аттын башын кайра буруп бастырып келди да, "Живой? Давай руку!" - деп мага кол сунду. Оң колумду сундум эле, мени тартып, артына учкаштырган бойдон жакынкы дарыгерлер бөлүмүнө алып барып, андан кийин жаратымдын оордугуна байланыштуу жакынкы госпиталга жеткиришти.
Госпиталда операциядан кийин ойгонуп, сол колумдун чыканагынан ылдый жок экенин көрүп зээним абдан кейиди. Анысына аз келгенсип, үшүк алганына байланыштуу бутумдун манжаларын да кесебиз дешти, суранып кестирбей койдум. Алты ай госпиталда жаттым. Баягы үшүк алган бутумду бир орус медайым "мен айыктырам, капа болбо" деп, элдик даарыгерчилик жолдору менен бир нече айдын ичинде айыктырды".
Чоң атам ошентип айылга 1944-жылы кайтып келген. Чоң атам I жана II даражадагы эки "Кызыл Жылдыз" орденинин жана бир нече Улуу Ата мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн алган медалдарынын ээси болгон.
Тай атам - Шатманалиев Аман - согушка 17 жашында өз ыктыяры менен кетиптир. 17 жаш деген эмне деген курак? Азыр 17 жашар балдарды карасам бала эле бойдон... Ошол кезде Талас-Арык мектебинде башталгыч класста мугалим жетишпей, тай атам мугалим болуп иштеп жүргөн кези экен.
Тай атамдын 18 жашка толо электигин эске алып Ак-Моло согушка даярдоо борборунун жетекчиси - генерал E.Л.Сомов жаңы келгиндерди фронтко бөлүштүрүп жатканда тай атамды көрүп "бул жигит мында калсын, мага жардам берет" деп, тай атамды 18ге толгончо фронттун отунан алып калган экен.
Ал кездеги сүрөттөрүндө тай атамжап жаш. Тай атам генерал Сомовко кат ташып, гезит журнал алып келип, анча мынча майда кызмат кылчу экен.
"Сен көп оку, кана мага гезит окуп берчи", - деп гезит журналдарды көп окуткан. Кийинчерээк өзү фронтко жөнөп жатып, "До свидания сынок, даст Бог увижу твою родину Киргизию" - деп тай атамды согушка даярдоо курсуна дайындап кеткен экен.
Даярдоо курсун бүтүргөн соң, Белорус фронтунун 270-Демидов дивизиясынын 970-аткычтар полкунун катардагы жоокери болуп, 1942-жылдын аягында согуш майданына кирген.
Ошентип, согуштун азап тозогун көрүп кан кечип, Украинанын Витебск шаарын бошотуудагы салгылашуусуна катышып, айыгышкан беттешүүдө оң бутунан жарат алып, госпиталга түшөт. Атылган ок оң санына тийип өтүп, сан этин шылып кеткен. Госпиталда жатып, айыгып, экинчи ирет согуш майданына кирип колунан жарат алган. Анда тийген ок оң колунун чыканактан ылдый этин шилеп өтүп, бирок сөөгү бүтүн калыптыр.
Согуш жөнүндө сураганда, тай атам айтып бергиси келчи эмес экен. "Согуштун жүзү курсун, сурабай эле койгула, силер согуш көрбөсөңөр экен" - деп көзүнө жаш алып койор эле", деп апам айтып берчү.
Согушка жараксыз болгондуктан 1944-жылы тай атам Москва шаарындагы Н.А.Семашко протез чыгарган заводко жумушчу катары жиберилген. Ал заводдо фронтко керектүү курал жарак, ок дарылары чыгарылчу.
1944-жылдын аягында согушка чейин иштеп жүргөн мектебинин чакыруусу менен тай атам Мекенине кайтып келген.
Тай атам дагы Улуу Ата Мекендик согушунда көрсөткөн эрдиги үчүн бир катар ардак медалдары менен сыйланган.
Чоң атам да, тай атам да, согуштан кийин партиялык мектепти аяктап, чоң атам Кыргыз Мамлекеттик Университетинин экономика факультетин, ал эми тай атам ушул эле университеттин тарых факультетин тыштан окуп бүтүрүшкөн. Чоң атам менен тай атам КПССтин мүчөлөрү болушкан.
Чоң атам колхоздун башкармасы, парторугу, экономисти жана айылдык кеңештин жетекчиси болуп, тай атам болсо Жерге Тал племсовхозунун башкармасы, андан кийин Талас райкомунда инструктордук жана башка саясий кызматтарда иштеп келген. Экөө тең согуштан кийин үйлөнүшүп, чоң атам 13 баланын, тай атам 7 баланын кадырлуу аталары болушкан. Ушул эки эр жүрөк чоң аталарымдын уулдарынын бири - менин атам, кыздарынын бири - менин апам.
Адамдардын басып өткөн тагдыр жолунда башка бир адамдардын салымы өтө маанилүү. Чоң атама да, тай атама да кыйын кырдаалда, бөлөк бөтөн жерде, жогоруда айтылган медайымдай, генерал Г.Сомовдой жароокер адамдар жолуккан. Мындай кайрымдуулук, боорукерлик, гумандуулук биз үчүн жана келечектеги жаш муундарыбыз үчүн баа жеткис үлгү жана эң маанилүү сабак.
Эки чоң аталарымдын башынан өткөргөн окуялары, баскан жолу биз үчүн сыймык, таалим жана өчпөс из".

Ссылка на новость:
https://for.kg/news-646737-ru.html

Читайте также

Волонтеры восстановили мемориал участников Великой Отечественной войны в Бишкеке

Скончался последний ветеран Великой Отечественной войны из Оша

В Великобритании хотят приравнять женоненавистничество к экстремизму

Финансовые проблемы "Барселоны": от великих побед до горьких долгов

Король Великобритании сделал заявление после поражения Англии в финале Евро-2024

 

SAPE:

 

АГРОПОРТАЛ КЫРГЫЗСТАНА, НОВОСТИ СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА
Обучение ювелирному делу в Бишкеке
МСН Общественно-политическая газета

18+

FOR.kg - Кыргызстан новости, пресса

Поисковый сайт новостей (новостной агрегатор, агрегатор СМИ) FOR.kg

Прежде прочтите Соглашение по использованию поискового сайта FOR.kg

При использовании материалов сайта FOR.kg - ссылка на источник обязательна

По всем вопросам обращайтесь в Службу поддержки

Top.Mail.Ru