8 мая 2020, 16:37
Источник akipress.kg
Комментарии
Агентство АКИpress в своей рубрике "Подвиг моего деда" рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов.
Алмаз Сарымсаков рассказал о своем отце, который прибавил годы и пошел на войну, чтобы защищать родину:
"Менин атам Сарымсаков Эсенгул 1922-жылы Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында туулган. Чоң атам Сарымсак согушка чейин биринчи категориядагы байлардын катарында Украинага үй-бүлөсү менен айдалган. Согуш башталганда атам 17 жашта экен. Бирок, жашын эки жашка узартып Украинадан согушка жөнөйт. Атамдын эң улуу агасы Султан чоң атам, агасы Каазы болуп бир үйдөн үчөө согушка жөнөтүлгөн.
Атам Эсенгул 1-Украина фронтунда кызмат өтөгөн. Орусча жакшы билгендиктен командирдин жардамчысы болот. "Эрдик үчүн" медалы менен сыйланган, согушта Варшавага чейин барган.
Согуштан кайтып келип, Фрунзедеги Кыргыз Мамлекеттик Университетинин география факультетин аяктайт. Жумуш жолун Оштун Өзгөн районунан баштайт. Ош облусунда, Тоткогул, Өзгөн, Совет, Кара-Кулжада мектеп директору, район башчысы болуп 20 жыл иштеген. 1947-жылдан 1967-жылга чейин иштеп, 1968-жылы өзү туулган Чок-Тал айылына кайтып келет.
1967-жылы мен 3-класста окучумун. Ошол кездеги атамдын мектеп үчүн жасаган кызматтары эсимде. Алайкууда мектеп директору болуп иштеп турду. Мектеп үч айлык каникулга тарагандан баштап, атамдын жаны тынчу эмес. Чоң класстын балдарын алып, тамак-аш, жылуу кийим-кечектерин алып, бир-эки жумага кышкыга отун даярдаганы кетчү. Интернаттын жанында чоң Кара Суу акчу. Ошол суудан отундарды агызып келишчү дагы, интернаттын тушунан заставанын аттары менен өйдө карай сүйрөтүп чыгышчу. Ал отундарыды короонун ичине жыйып, тизип коюушчу. Отун аз калганда, кыштын кыраан чилдесинде сайды кечип, отундарды ташып келчү эле. Мектепке келген балдарды ошол суудан кечип, ар бирин өзүнө өңөрүп өткөрүп алып келчү.
Мындан тышкары класстарды актаганга акиташ бышырчу. Ошол кезде жакшы окуп бүткөн кыздар-балдарды Ошко, Фрунзеге алып кетип, окууга өткөрүп дагы келчү. Атам ушунчалык чынчыл киши болуптур, азыр ойлосом интернаттын тамактарынан эч качан үйгө алып келип ооз тийбептирбиз.
Бир короонун ичинде мектеп, интернаттын ашканасы, мугалимдер жашаган үй болчу. Мектептин тегерегине атам бактарды тиктирген. Ошол бактарды азыр "Сарымсаковдун бактары" дешет экен. Атам көлгө келгенден кийин 1968-жылы Чоң-Сары-Ой айылында мектеп директору болду, андан кийин 1970-жылдан баштап өзү туулган айылга келип, өмүрүнүн аягына чейин ошол мектепте директор болуп иштеген.
Атам 1981-жылы 58 жаш курагында каза болду. Мени ушул күнгө чейин өкүндүргөнү атамдын мектеп үчүн кылган иштери эч бааланган жок....".
Истории других граждан, рассказывающих о своих дедушках и прадедушках, можно прочитать на странице "75 лет Великой Победе", пройдя по ссылке.
Для публикации отправьте историю вашего родственника с фотографиями на электронную почту akipress@gmail.com с пометкой "Подвиг моего деда".