9 мая 2020, 12:49
Источник akipress.kg
Комментарии
Агентство АКИpress в своей рубрике "Подвиг моего деда" рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов.
87-летний пенсионер из Сузакского района Кенжебай Исмаев отправил письмо, в котором вспоминает своего старшего брата Токо Исмаева, погибшего на войне:
"Менин агам да баатыр болгон!
"Төш кутчу" айылыбыз К.Е. Ворошилов атындагы колхозго айланган эле.
Колхозубуз Сузак районундагы алдынкы чарбалардан болуп эсептелинчү. Колхоздун конторасы ага улантылган клубу, дүкөнү, мончо, мектеп, навайкана , өрт өчүргүч команда (топ) жана башка чарбалык жайлары болотурган. Дан эгиндери, пахта, жашылча өсүмдуктөрү, өрүкзаарыбыз, бал чакаларыбызга чейин бар болуучу.
Айылыбыз Жалалабат Кок-Жангак темир жолунун төртүнчү чакырымында тоонун түбүндө бак даракка чөмүлгөн кыштак болчу. Эл бейкапар жашап жаткан. Анан эмне болду? "Германдар биздин мамлекетти басып киришти деген суук кабар элди сеcтентти. Үйүбүздүн дубалында "Токонун үй-бүлөсү" деген жазуусу бар карыган атамын, апамын алты жашар менин сөз кылатурчу аскерге кетип келбей калган агамын сүрөтү турчу. Токо акем колхоздун конторасында эсепчи болуп иштөөчү. Акем жеткен сурөтчү, колхоздун өздүк көркөм өнөр иштеринин уюштуруучусу болуп клубта пьесалар коюлуп турчу. Үйүбүз толо китептер, дубалда илинген гитара, мандалина, балалайка, мергенчилик мылтыгыбыз да илинип турчу. Шахмат, шашки, доминолорубуз да бар эле...
1942-жылдын 18-февралында акем Жалалабаттан согушка жөнөп кетти. Атам, эжем, дагы бир - эки туугандарыбыз узатып келишти. "Баягы Барпы көр аскерге бараткан балдарды ырдап узаатып туруптур", - деген сөздү айтып келишти. Акем катты үзбөй жазып турду. Бир катында: "Мен бетме - бет салгылашууга [рукопашный бой] катышып мойнума найза тийди, даарыланып айыктым, кайра согушка кетем, Кенжебай мектепке бардыбы?", - деп жазыптыр. Ошол каты акыркысы экен көрсө.
Дегеним бир тууган акем Токонун 1942-жылдын 26-сентябрында Сталинградтагы ийри салгылашууда, октон каза болгон экен.
Жетимиш эки жылдан ашык кабарсыз болгон акемин курман болгонун, сөөгү Сталинграддын жанындагы Ерзовка кыштагындагы боордоштордун көрүстөнүнө коюлганы тууралуу кабарды небере кызым Эльвира менен күйөө балам Рысбектин аракети менен 2014-жылы алдык. Аларга алкышымы айтып олтурам.
Колуна курал алып, душманга каршы чыгып өмүрүн кыйган, майып болгондор гана эмес, согушка катышкандардын бардыгы, бардыгы - Баатырлар. Менин бир тууганым да "Баатыр".
Улуу Жеништин 75 жылдык майрамына байланыштуу ичимдеги ызаамы айтып, агамы газета аркылуу эл менен бирге, балким акыркы жолу эскерип алууну чечип, ушул саптарды жазып жатам.
Мага окшогондордун кайгысын бөлүшөм. Ылайым өлкөбүздө согуш болбосун дегенден башка, эч нерсе колубуздан келбегени өтө өкүнүчтүү экени жан кеитип жатпайбы. Ата мекенибизди коргоп, курман болгондордун аттары, биздин элибиздин эсинен чыкпайт
Бир тууган иниси - Кенжебай Исмаев
Сузак районунун, Октябрь кыштагы
87 жаштагы пенсионер
30-апрель 2020-жыл".