Вызвавшие насмешки новые загранпаспорта КР — когда их начнут выдаватьВ Таласе загорелась машина — водитель умер из-за отравления угарным газом

Садыр Жапаров: Саясий тирешүүлөргө чекит коюу керек, антпесек биз алдыга жыла албайбыз!

21 декабря 2020, 10:58       Источник akipress.kg       Комментарии

"Кыргызстандагы экономикалык туруктуулуктун жана өнүгүүнүн шарттары - бул, саясий ымалага келүү" - деп, эсептейт Садыр Жапаров.
"Биз саясий тирешүүлөргө чекит коюшубуз керек. Бардык саясий дооматтарды жоюп, мурдагы пикир келишпестиктер үчүн өч алууну токтотууга тийишпиз. Антпесек, биз алдыга жыла албайбыз. Өткөн менен чатакташуу саясаты - бул так ошол авторитаризмге жана кысымга алып бара турган жол жана мындан биринчи кезекте, биздин жарандар гана жабыр тартышат. Эч кимди мындайга түртпөгүлө. Бирөөнү аяган же андан корккон үчүн эмес, келечек үчүн ушуга баруу керек!" - деп, чакырат президенттикке талапкер.
Жапаровдун ишениминде, кадр саясатына болгон мамиле саясатташтырылбашы керек. Бирок, люстрация учур зарылчылыгы болуп турат. Бул, элдин башкы талаптарынын бири.
"Люстрация - бул өч алуу эмес. Акаевчи, Бакиевчи же мурунку режимдердин тушунда кызмат кылган кадрларды "тазалоо" деген болбошу керек. Башкысы, чыныгы иш билги кадрлардын резервин түзүү. Мамлекеттик кызматка дайындоо, ачык сынак аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш. Мыйзамга же мамлекетке каршы иштерде аттарын булгап алган же кесиптик-этикалык талаптарга жооп бербеген кадрлар, мамлекеттик кызматка алынбайт!" - деп, түшүндүрдү өз платформасын талапкер.
Жалпысынан алганда, кадр саясаты ачык-айрымдуулук, мураскерлик жана кесиптик-этикалык принциптер боюнча курулууга тийиш. Мамлекеттик жетекчи кызматтарга иш билги кадрлар гана ачык сынак жолу менен тандалып алынышы керек. Мураскерлик принциби - Кыргызстандын элинин кызыкчылыктарына жооп берген стратегиялык программаларды жана долбоолорду ишке ашырууга, өз тармактарында узак жылдар бою иштеген кесипкөйлөрдүн тажрыйбасын жана даанышмандыгын сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.
Аткаруучу: "АКИ Кыргызстан" ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189.
Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Нускасы: 1. Даярдалды: 21-декабрь 2020-жыл.
Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Ссылка на новость:
https://for.kg/news-681711-ru.html

Читайте также

Скотокрад украл лошадь в Чалдыбаре и продал ее в Токмаке

В Бишкеке отопление в домах на улице Малдыбаева временно отключат - ремонт

В Шамалды-Сае начал работу восстановленный железобетонный цех

В Шамалды-Сае вернули государству незаконно проданный участок профлицея

Кабмин решил поверить лицензии на месторождения Талды-Булак, Солто и Андаш

 

SAPE:

 

АГРОПОРТАЛ КЫРГЫЗСТАНА, НОВОСТИ СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА
Обучение ювелирному делу в Бишкеке
МСН Общественно-политическая газета

18+

FOR.kg - Кыргызстан новости, пресса

Поисковый сайт новостей (новостной агрегатор, агрегатор СМИ) FOR.kg

Прежде прочтите Соглашение по использованию поискового сайта FOR.kg

При использовании материалов сайта FOR.kg - ссылка на источник обязательна

По всем вопросам обращайтесь в Службу поддержки

Top.Mail.Ru