ОО "Народ против коррупции!" уведомила ЦИК о намерении осуществлять наблюдение на досрочных выборах и референдумеС. Жапаров: Нужно сделать честный выбор по велению сердца, разума и совести

Садыр Жапаров: Акыл-эс, абийир жана чын жүрөк менен шайлоону таза өткөрүү керек!

8 января 2021, 22:00       Источник akipress.kg       Комментарии

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Садыр Жапаров кайрылуу жасады:
"Урматтуу кыргызстандыктар! Кымбаттуу достор!
10-январь күнү биз өлкөбүздүн жашоосундагы эң маанилүү чечимди кабыл алабыз!
Бул күн - биз үчүн өлкөдө көптөгөн жылдардан бери кыйынчылыктардан арылууну көздөгөн, асыл тилекти орундатуудагы эң маанилүү күн болуп калмакчы!
Баарыңыздар шайлоого келиңиздер!
Ар бириңиздер өз тандооңуздарды жасайсыздар! Кандай өлкөдө жашайсыздар - чечим Сиздерде!
Кандай бийликти каалайсыздар? Күчтүү бийликтиби? Адилет жана элдик, бардыгыбыз үчүн жоопкерчиликти ала турган бийликтиби?
Же мыйзамсыздык, коррупция, жоопкерчиликсиздик жана саткынчылык өкүм сүргөн жашоого кайра кайтып баргыңыздар келеби? Башаламандык менен жакырчылыктан кутулгуңуздар келбейби?
Ар бирибиз өз тандообузду жасашыбыз керек!
Биздин эртеңки келечек кандай болот - ар бирибиз жоопкербиз! Өлкөнүн тагдырын чече турган жана чечкиндүү аракетке бара алган адамды тандап алууга, биз гана укуктуубуз!
Элдин тагдыры, балдарыбыздын тагдыры, эртеңки келечек - ар бирибиздин колубузда!
Сиздер, өз жүрөгүңүздөр менен, акыл-эс жана абийирди бийик коюп, акыйкат тандоо жасоого тийишсиздер! Сиздердин ар бириңиздер, мен да, бардыгыбыз жаңыланууну күтүүдөбүз!
Биз жашообузду жаңы барактан баштоого татыктуубуз! Биздин мамлекетти ондогон жылдар бою каалагандай тоношуп, талкалап келген эски коррупциялык түзүмдөргө жол бербеңиздер!
Биздин жаңыланууга болгон укугубузду тартып алгысы келгендерге ишенбегиле!
Биз жарандарыбыз үчүн ак иштей турган бийликти тандоого мүмкүнчүлүк алдык! Алдыбызда турган сыноолордон ынтымак менен бирге өтө алабыз.
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Алдыдагы жаз айларында бизди олуттуу сыноолор күтүп турат. Биз кризистен чыгып, жаңылануу жана гүлдөп өнүгүү жолуна түшүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек! Шайлоодо ким утуп чыкпасын, биз жаңы шайланган президенттин тегерегине чогулуп, аны колдоого алуубуз абзел!
Эртең кандай өлкөдө жашайбыз, ар бирибиз жоопкербиз! Шайлоого келиңиздер! Өзүңүздөрдүн жана балдарыңыздардын келечеги үчүн, мекенибиздин тагдыры үчүн добуш бериңиздер!"
Аткаруучу: "АКИ Кыргызстан" ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189.
Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Нускасы: 1. Даярдалды: 8-январь 2020-жыл.
Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Ссылка на новость:
https://for.kg/news-683910-ru.html

Читайте также

Экс-депутат Шайлообек Атазов стал чемпионом мира по тайскому боксу

Экс-депутат Шайлообек Атазов участвует в турнире по муай-тай в Таиланде

Связан с Матраимовым. Шайлообек Атазов требует отставки генерального прокурора

Шайлообека Атазова лишили депутатского мандата. Центризбирком принял решение

ЦИК лишил Шайлообека Атазова депутатского мандата

 

SAPE:

 

АГРОПОРТАЛ КЫРГЫЗСТАНА, НОВОСТИ СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА
Обучение ювелирному делу в Бишкеке
МСН Общественно-политическая газета

18+

FOR.kg - Кыргызстан новости, пресса

Поисковый сайт новостей (новостной агрегатор, агрегатор СМИ) FOR.kg

Прежде прочтите Соглашение по использованию поискового сайта FOR.kg

При использовании материалов сайта FOR.kg - ссылка на источник обязательна

По всем вопросам обращайтесь в Службу поддержки

Top.Mail.Ru