Сегодня на восемь часов перекроют столичную площадь Ала-ТооВ Сокулуке задержали 26-летнего парня за незаконное хранение оружия

Госорганы и другие организации поздравляют кыргызстанцев с Днем независимости

 

Фотографии: akipress.kg

 

31 августа 2022, 11:07       Источник akipress.kg       Комментарии

Государственные органы и другие организации поздравляют кыргызстанцев с Днем независимости страны.
***
Поздравление министра образования и науки Алмазбека Бейшеналиева:
"Урматтуу мекендештер!
Баарыңыздарды эгемендүүлүгүбүздүн 31 жылдыгы менен куттуктайм.
Өлкөбүздүн артыкчылыктуу багыттарынын бири бул - билим берүү тармагы.
Президентибиз жана Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан бул жылы билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлүүдө. Алдыбызда бул колдоону туура пайдаланып, билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу милдети турат.
31 жыл аралыгында топтолуп келген кемчиликтер агартуу жаатында кечиктирилгис бурулуштарды жасоо керектигин айгинелеп көрсөттү. Учурда Билим берүү жана илим министрлиги бул көйгөйлөрдү этап-этабы менен четтетүү аракетин баштады. Бул кадамдар эгемен Кыргыз Республикасынын дараметин көтөрүп, аброюн чыңдоо үчүн ташталууда. Сандан сапатка өтүүдөбүз, заман талабына ылайык алдыга жылуу тенденциясына багыт алдык.
Эч кимден көз карандысыз өлкөбүздүн желеги бийиктерде желбиреп, элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун! Кыргызстаныбыздын атагы алыска тарап, билим менен илимдин, дени сак жашоонун, кубаттуулук жана жыргалчылыктын үлгүсүн көрсөткөн мамлекетке айланалы. Жумушчу күчүн берген эмес, жумуш ордун сунуш кылган, бардык тармактан алып караганда өндүрүүчү өлкөгө айланалы. Булардын баарын ишке ашыруу үчүн биз жаңы чакырыктарга даяр болуубуз керек!
Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештерим!"
Коллектив Минорбразования также записал видеопоздравление:
***
Поздравление министра труда, социального обеспечения и миграции Кудайбергена Базарбаева:
castgal_init('.cast_group_elems_217167'); ***
Поздравление председателя Верховного суда Замирбека Базарбекова:
"Урматтуу мекендештер!
Сиздерди жалпы сот тутумунун жана жеке өзүмдүн атымдан өлкөбүздүн Көз карандысыздык күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Өткөн 31 жыл ичинде Кыргызстан эли кыйчалыш кырдаалдардан өтүп, кыйынчылыктарды жеӊип, дүйнө мамлекеттеринин катарында эркин жана демократиялык өлкө катары өз ордун тапты.
Бул күн Мекенибиздин эркиндиги үчүн күрөшкөн баатырларыбыз менен улуу даанышмандарыбыздын, жаңы коомду жараткан замандаштарыбыздын эмгеги, эки миң жылдан ашык мезгилди чапчыган тарыхыбыздын үзүрү.
Эгемендигибиз эӊ бийик дөөлөт катары аздектелип, биримдигибиздин туусу жана түндүгүнөн күн нуру чачыраган кызыл байрагыбыз бийиктерде желбирей берсин!
Сот тутуму эгемендүү мамлекеттин башкы максаты болгон адам укугун жана эркиндигин сактоого чоң салымын кошуп келүүдө.
Мамлекетибиздин бүтүндүгүн, эгемендикти көздүн карегиндей сактап, келечекте күчтүү Кыргызстанды куруу үчүн бизге тынчтык, ынтымак жана талыкпаган эмгек керек.
Ак ниетибиз, адал эмгегибиз менен Кыргызстандын жаркын келечегин курууга салым кошуу - ар бирибиздин жарандык милдетибиз.
Майрамдын кадыр-баркы: жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак, коомубузга биримдик алып келсин!
Бардыгыңыздарга ден-соолук жана бакубатчылык каалайм!"

Ссылка на новость:
https://for.kg/news-779458-ru.html

Читайте также

Президент призвал кыргызстанцев не унижать учителей и врачей

Кыргызстанцы лидируют среди туристов, посетивших Узбекистан

Скоро Новый год. Министерство природы просит кыргызстанцев не рубить елки

Не теряйте бдительности. Минцифры вновь предупреждает кыргызстанцев о мошенниках

В черном списке российских властей находятся более 69 тысяч кыргызстанцев

 

SAPE:

 

АГРОПОРТАЛ КЫРГЫЗСТАНА, НОВОСТИ СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА
Обучение ювелирному делу в Бишкеке
МСН Общественно-политическая газета

18+

FOR.kg - Кыргызстан новости, пресса

Поисковый сайт новостей (новостной агрегатор, агрегатор СМИ) FOR.kg

Прежде прочтите Соглашение по использованию поискового сайта FOR.kg

При использовании материалов сайта FOR.kg - ссылка на источник обязательна

По всем вопросам обращайтесь в Службу поддержки

Top.Mail.Ru