Приём документов в вузы России продлён до 20 мартаЧетыре человека погибли при жесткой посадке вертолета в Казахстане

Президенттин кадрдык саясаты кандай? - М.Мамасаидов, А.Динисламов, Т.Төрөбаев

24 февраля 2023, 13:31       Источник akipress.kg       Комментарии

Көптөн берки байкоолордон пайда болуп, айтылбай жүргөн бир катар ойлор бар эле. Кечээ экс-президенттер менен жолугушуудан кийин ар кандай пикирлерди угуп, биз - аравандык аксакалдар дагы оюбузду ортого салалы дедик. Кептин ток этер жери - президент Садыр Жапаров илгертен калыптанып келген көнүмүш ыкмалардан бөтөн кадамдарды жасап, жакшы натыйжаларга жетип жатканы тууралуу. Биз бул жолугушуудан эч кандай жаман иш көрө албадык. Тескерисинче, эң туура кадам болгон. Эмнеси жаман? Бул жолугушууну көздөп, өлкөгө ынтымак орнотууну ойлоп жатат да. Алардын көптөгөн тарапташтары бар. Төңкөрүш кылабыз деп ойлогондор да жок эмес.
Өткөн жылдын аягында курултай өткөрүп, өзү угуп олтурду. Делегаттардын шайланышы, бир дагы мамлекеттик кызматчынын шайланбаганы, түпкүрдөн келген элдин кебин (кээде ачуу болсо да) угуп олтурушу, сунуш-пикирлердин көзөмөлгө алынышы, дагы, дагы... Ушунун баары эң туура кадамдар.
Кумтөрдү алабыз деди, алды.
Же болбосо, бюджет толбой, көмүскө экономика гүлдөп жаткан учурда Акылбек Жапаровду Министрлер кабинетинин башына алып келиши. Бул дагы эң туура чечим болгон. Дэн Сяопинь айткандай кылды, "мышыктын өңүнүн кандай экени мааниси жок" дебеди беле. Аны да сындагандар көп болгон, бирок жыйынтык жакшы болуп жатпайбы. ККМди ишке киргизип баштады, али бүтө элек. Дагы жолдорун таап жатат. Ошентип, кыска мезгилде бюджет эселеп өстү, айлык, пенсия кескин көбөйүп баштады. Дагы өсө турган болуп жатат. "Акылбек бизден он эсе ылдам ойлонот", - деп Өмүрбек Текебаев бекер айткан эмес экен да. Ички дүң продукциянын жылдык өсүшү 7 пайыздан ашыптыр! Бул өтө чоң өсүш. КМШда да, батышта да мындай өсүш жок. Бюджет 500 млрд, эмдиги жылы 600 млрд сом болот деп жатат. Мына, кадрдык туура чечимдин көрүнүктүү бир эле мисалы.
Садыр Жапаров көп эле жаңы кадамдарды баштап жатат. Өзбекстан менен чек ара чечилди. Эң туура чечилди. Эми тажик туугандар менен да чукул арада чечебиз деп турат. Коррупцияга каршы күрөштү көрүп, жемишин алып жатабыз. К.Ташиевди да туура тандаган. Ал дагы элим-жерим деп, жүрөгүн берген жигит тура. Кечээ дайындалган жол министри Т.Текебаев мырза майрам күндөрү да, дем алыштарда да үйүнө жатып албастан, катаал жолдоордо жүрүп жатат. Демек, кадрдык саясат туура жолго түшүп баратат десек болот.
Кадр баарын чечет. Ушул багытта дагы бир олуттуу мисал - кадрлардын ротация болгону. Эң туура чечим болгон экен. Соттордун, прокурорлордун ишине баа бере албайбыз. Анын да кезеги келээр. Ал эми акимдердин иштери көзгө көрүнүп эле турат. Тоолуктар ойго, ойдогулар тоолуу жерлерге барышты. Алар өтө чоң сыноого түшүштү. Эл дагы, жогорку бийлик дагы көрүп турушат. Иштери көрүнөө болуп калды. Ушуга байланыштуу бир-эки мисал келтирели. Андай жакшы көрүнүштөр акимдердин көбүндө эле болду дейличи. Анда айта кетели. Сыдыков Замир деген жигит Талас районунун акими кызматынан Жалал-Абаддын Аксы районуна аким болуп барыптыр. Баргандан бери тынбайт экен. Кемиген бир да көрсөткүчү жок экен. Бардык жаңы башталыштардын башында тынбай өзү туруп келет дешет. Эл дагы жакшы көрүп калыптыр дешип, каттагандар айтып жатышат.
Же болбосо тоолуу Ак-Талаанын мурдагы акими - Кулубаев Сейтек. Ал мурдагы райондон үч эсе чоң биздин Араванга аким болуп келди. Ал сылык, маданияттуу, бирок күжүрмөн, талапты катуу койгон жигит экен. Райондун жетекчилерине, айыл өкмөттөргө тапшырма берип, аны китепче кылып басып чыгарып, колдоруна берип, аткарылышын тындырбай көзөмөлдөп турат деп угабыз. Эч ким баш тарта албайт. Натыйжасы укмуш! Аравандын көчөлөрү жаңырып, "Дубай болуп калыптыр", - дейт экен Араванга келгендер. Араванда бей-бечералар үчүн бекер азык-түлүк тараткан дүкөн ачылган. Мартта дагы эки айылда ачылганы турат. Мындай дагы кай жерде бар? Билбейт экенбиз. Ал эми жалпы өнүгүү көрсөткүчтөрү эселеп өскөн. Мисалы, бир жылда 46 ишкана ачылып, 400гө жакын жумуш орун пайда болду. Бир жылда 906 миллион сомдук инвестиция тартылып, эки эсе өстү. Салык мурунку жылга салыштырганда 87,7 миллион сомго ашык жыйналып, өсүү темпи 143,3 пайызга жетти. Республикалык бюджетке төлөнгөн салыктын өсүү темпи 127,8 пайыз болгон. Социалдык төлөмдөрдүн өсүү темпи 150,9 пайызды түзгөн. Эки айыл өкмөтү дотациядан чыгып, 406 жеке турак үй курулуп, 14 км жолго асфальт төшөлгөн. 1100 үй-бүлөлүк тогуз кабаттуу 8 турак үйдүн курулушу башталууда. 7500 гектар жерге суу чыгара турган 40 млн куб метр суу сактагыч курдуруунун ПСДсын (долбоордук-сметалык документация) жасатуунун аракетинде жүрөт. 1500 жумуш ордун камсыз кылуучу пахтадан жип ийрүүчү фабрика курдуруу үчүн 5 гектар жер аныкталып, потенциалдуу инвесторлор менен иш жүргүзүп жатат. Дагы, дагы айта берсе көп. Келечектүү дагы көп иштерди баштап жатат. Муну биз - аравандыктар аралашып жүрүп, көрүп-билип жатабыз.
Ушундай эле мыкты акимдердин катарына кошуна Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоевди да эл көп кеп кылат экен.
Кадрлар кээде (көбүнчө аппараттын калпыс даярдаган материалдарынын негизинде же бирөөлөрдүн шыбышы менен) туура эмес чечилип калган учурлар жок эмес. Атаганат дечи. Бажы кызматынын башына С.Исабеков келип, жаңы эле оңоло баштаганда, кызматтан алынып, ордуна кокусунан бир башка команда келип калган. Элдин эсиндедир. Көп өтпөй алардын былыгы чыгып, командасы менен кызматтан четтетилип, С.Исабековду кайра алып келишкен. Кесипкөй, таза иштеген адис экен. Бир жылда 27 млрд сом ашык жыйнаптыр. Мына, аппарат туура эмес иштегендин бир мисалы.
Ушундай калпыстыктарды аппарат кетирбесе. Кээде кадрга баа берүү же тандоо компьютердеги трафарет суроолорго же кандайдыр бир комиссиянын суроолоруна берилген жоопторго карата болуп жүрөт. Мисалы, Чапаев эң эле мыкты командир болгон. Эгерде аны азыркы компьютердин же аппаратта олтурган чала бышкан адис сөрөйлөрдүн тандоосуна койсок, кандай болот эле? Же болбосо легендарлуу биринчи катчы К.Акназаровду алалы. Ал бүгүнкү шаблонго туура келет беле... Кадрды баалоо эң эле жооптуу маселе. Тандоо ишине жараша болушу керек. Анын ким экенин аткарган иштери эле айтып берет.
Садыр Жапаров бүгүн эң туура жолдо. Туура кадамдарды жасап жатат. Жалпы эл колдошубуз керек.
КРдин Улуттук илимдер академиясынын академиги, эмгектин ардагери Мамасаидов Мухамеджан Ташалиевич,
Райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Динисламов Абдырахман,
Эмгектин ардагери Төрөбаев Тилебалды.

Ссылка на новость:
https://for.kg/news-799479-ru.html

Читайте также

"Президенттин командасы" стала победителем футбольного турнира "Мурас"

 

SAPE:

 

АГРОПОРТАЛ КЫРГЫЗСТАНА, НОВОСТИ СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА
Обучение ювелирному делу в Бишкеке
МСН Общественно-политическая газета

18+

FOR.kg - Кыргызстан новости, пресса

Поисковый сайт новостей (новостной агрегатор, агрегатор СМИ) FOR.kg

Прежде прочтите Соглашение по использованию поискового сайта FOR.kg

При использовании материалов сайта FOR.kg - ссылка на источник обязательна

По всем вопросам обращайтесь в Службу поддержки

Top.Mail.Ru