omtogel omtogel omtogel omtogel http://www.fremontracewaypark.net/
2020 год президент Кыргызстана объявил годом развития регионов, цифровизации страны и поддержки детей

Госорганы и организации поздравляют кыргызстанцев с Днем пожилых людей

 

Фотографии: akipress.kg

 

30 ноября -0001, 0:00       Источник akipress.kg       Комментарии

Государственные органы и организации поздравляют кыргызстанцев с Днем пожилых людей.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевич Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, агенттиктин ардагер кызматкери, акын, жазуучу, котормочу Төлөгөн Козубеков аксакалдын үйүнө барып даталуу күн менен куттуктады. Мындан бир күн мурда агенттиктин мурдагы жетекчилери менен кызматкерлери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Төлөбек Өмүралиев, Накен Касиев, ардагер кызматкер Айгүл Ахмедова ж.б. майрамды утурлай уюштурулган жетекчинин кабыл алуусундагы аземде конок болушкан.
Кудайберген Базарбаев Төлөгөн Козубеков аксакалдын ал-ахыбалын сурап, байбичеси экөөнө ала барган белектерин тапшыруу менен бакубат карыялык, бекем ден-соолук каалап өттү. Өз кезинде, аксакал дагы элге, мамлекетке кылган эмгегин эстеп, ал жай сурап келгендиги үчүн ыраазычылык билдирүү менен батасын берди. Ал ортодо мамлекеттин келечеги, жаштардын тарбиясы ошондой эле аксакалдын которуусундагы кыргыздын эң алгачкы, тарыхта сакталып калган Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" чыгармасы тууралуу баарлашышты.
Төлөгөн Козубеков Бакай-Ата районундагы Кызыл-Жар айылында 1937-жылы 10-февралда туулган. Жогорку билимдүү. 1962-жылдан тартып Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиокомитетинде, 1974-жылдан Кыргыз ССРинин Мамбаскомунун басмалар башкармалыгында башкарманын орунбасары, 1977-жылдан Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинде социалдык-маданий уюмдар бөлүмүнүн референти, төраганын орун басарынын жардамчысы, 1984-жылдан Кыргызстан КП БКнын агитация жана пропаганда бөлүмүнүн сектор башчысы, 1989-жылдан Кыргыз ССРинин Мамбаскомунун төрагасынын биринчи орунбасары, 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Басма менен сөз жана маалымат министрлигинде министрдин биринчи орунбасары, 1992-1994-жж. Акыл мамконцернинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгында башкы адис, 2005-жылдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Кадр кызматында эмгектенген. Учурда ардактуу эс алууда.
Биринчи ырлар жыйнагы "Биз бактылуу балдарбыз" деген ат менен 1970-жылы басылып чыккан. Бир катар поэтикалык жыйнактардын, жомоктордун, аңгемелердин автору.
Андан соң, Кудайберген Базарбаев Бишкектеги "Үмүт үйү" карылар үйүнө жана майыптыгы бар жарандар үчүн станционарга барып майрамга арналган аземге катышты. Аталган карылар үйүндө 200дөн ашык багар- көрөрү жок жана майыптыгы бар улгайган адамдар баш паанек кылышат.
Кудайберген Базарбаев стационардын башчысы Эркингүл Абдылдаевага өзүнүн жана агенттиктин эмгек жамаатынын атынан энергияны аз талап кылган, кубаттуу электр жылыткыч жана бир катар белектерин тапшырды. Иш чарага агенттиктин аппаратынын ишин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Нургүл Жамангулова, пресс-катчы Сураган Босумбаев, директордун жардамчысы Алинур Аскарбеков, эл аралык байланыш жана окуу бөлүмүнүн башчысы Беккул Жекшенкуловдор катышты.

 

SAPE:

 

АГРОПОРТАЛ КЫРГЫЗСТАНА, НОВОСТИ СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА
Обучение ювелирному делу в Бишкеке
МСН Общественно-политическая газета

18+

FOR.kg - Кыргызстан новости, пресса

Поисковый сайт новостей (новостной агрегатор, агрегатор СМИ) FOR.kg

Прежде прочтите Соглашение по использованию поискового сайта FOR.kg

При использовании материалов сайта FOR.kg - ссылка на источник обязательна

По всем вопросам обращайтесь в Службу поддержки

Top.Mail.Ru