30 ноября -0001, 0:00
Источник akipress.kg
Комментарии
2023-жылдын май айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайга алгачкы иш сапары менен барып, "Кытай-Борбор Азия" саммитине катышты. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин аны менен маанилүү жолугушуу өткөрдү.
Өлкө башчылары жаңы доордогу баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшту. Алар ынак коңшулук, достук жана биргелешип өнүгүү мамилесинде Кытай менен Кыргызстандын тагдыры бирдей коомчулугун түзүүгө умтулганын тастыкташты.
2023-жылдын август айында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна барып, аймактын жана ири компаниялардын жетекчилери менен жолугушкан. Бул эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө чоң өбөлгө болду.
Ал эми сентябрь айында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев "Кытай-Борбор Азия" 10-кызматташтык форумуна катышты.
Июнь айында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Элдик дипломатия форумунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун боордош шаарларынын форумунун ачылышына катышты. Ал эми сентябрь айында Ханчжоудагы XIX Азия оюндары өтүп жаткан жерге барды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пекин шаарында өткөрүлгөн "Туруктуу транспорт: глобалдык өнүгүүгө салым кошуу үчүн биргелешип иштөө" аталышындагы Биринчи глобалдык форумга катышты. Ошондой эле май айында иш сапары менен Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна барган болчу.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Пекинде "Кытай-Борбордук Азия" саясий партияларынын диалогунун l жыйынына катышты.
Ошондой эле мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана башка жогорку кызматтагы жетекчилер Кытайга барып келди.
Өз кезегинде Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй мырза, Цинхай провинциясынын Партиялык комитетинин катчысы Чэнь Ган мырза, Шэньси провинциясынын Партиялык комитетинин катчысы Чжао Идэ мырза, Шаньдун провинциясынын Партиялык комитетинин катчысы Линь У мырза келди.
Кытай Кыргызстандын эң маанилүү инвестору жана ири соода өнөктөшү макамын сактап жатат. Статистикалык маалыматтар боюнча, 2022-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 4,13 млрд долларга жетип, тарыхый рекорд коюлду. Ал эми ушул жылдын январынан июлуна чейин эки өлкөнүн ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 2,7 млрд доллардан ашып, 28%дан жогорку өсүш болду.
Улуттар ортосундагы достук элдин жакындыгынан көз каранды. Эки элдин жакындашуусун алга сүрөө коомчулуктун кыргыз-кытай мамилелерин тереңдетүүгө колдоо көрсөтүүсүнө өбөлгө болот.
"Манас" эпосу - кыргыз жана кытай элинин жалпы маданий кенчи. 2022-жылдын июль айында Си Цзиньпин Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна барганда ага "Манас" эпосунан үзүндү көрсөтүлдү. Ал "Манасты" муундан-муунга өткөрүп берүү үчүн эпосту кылдаттык менен коргоо керектигин белгилеген. Кыргыз өкмөтү Бишкекте Кытайда жашаган белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын айкелин орнотту. Кытай артисттери кыргыз тараптын чакыруусу менен Бишкекке келип, "Манас" операсын коюшту.
Кыргызстанда кытай тилин өздөштүргөн адамдардын саны күн санап өсүүдө. Кыргызстан менен Кытай биргелешип Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда 4 Конфуций институтун жана 21 Конфуций классын ачышты. Ал жерлерде жыл сайын 10 миңден ашуун адам билим алат.
Кытайдын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер да көбөйүүдө. Кытай өкмөтү жыл сайын Кыргызстанга стипендия менен камсыздала турган 300 студентке орун берет.
Кытай элчилиги "Кытай кыялына карай" стипендиялык программасын негиздеди. Ал аркылуу өзгөчөлөнгөн көптөгөн мектеп окуучулары стипендия алып, Кытайга билим алууга жөнөп жатышат.
Кытай элчилигинин көмөгү менен Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында Кытайды изилдөө аналитикалык борбору жана Нарын мамлекеттик университетинде Кытай тили жана маданияты борбору ачылды.
Элчилик Кыргызстандын 20 мектебине интерактивдик панель берип, Баткен облусундагы чек арага чектеш жайгашкан 5 аймактагы тигүү жана кондитердик цехтерге жабдык тапшырды. Ошондой эле музыка мектептерине музыкалык аспаптарды алып берип, кыргыз аялдарынын кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу боюнча курстарды уюштуруу демилгесин колдоду жана жайлоолордо балдар үчүн өнүгүү борборлорун ачууга жардам берди.
Андан тышкары Кыргыз улуттук китепканасында Кытай маданияты жана билим берүүсү борбору жаңыланып, №95 мектепке кытай тилинин борбору жана хореография залы курулду.
Кытай тарап Кыргызстандын олимпиадалык курама командасына спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн техникалык жабдыктарды берип, Жогорку Кеңешке жана башка мекеме-уюмдарга да техникалык жардам көрсөттү. Баткен облусунун жабыр тарткан калкына 100 миң долларлык гуманитардык каржылык жардам тапшырды.
"Экспресс ден соолук - жаркын саякат" долбоорунун алкагында катаракта оорусуна кабылган кыргызстандыктарга кытайлык адистер 600 акысыз операция жасашты. Кытай тарап Ош шаарында офтальмологиялык кабинет ачууга кайтарымсыз түрдө медициналык жабдууларды берди.
Кыргызстан кытайлык туристтерге барууга сунушталган өлкөлөрдүн катарына киргизилди. Бул Кыргызстанга кытайлык туристтердин арасында популярдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Эки тарап маданий борборлорду түзүү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол койгон. Ошондой эле Кыргызстанда "Лу Бандын өнөрканасы" биргелешип курулууда.
Бүгүнкү күндө кытай-кыргыз көп тараптуу стратегиялык өнөктөштүгү тарыхый жактан жогорку деңгээлде.
Кайрымдуу кошуналар, жакшы достор, ишеничтүү өнөктөштөр жана бир туугандар - бул сөздөр бүгүнкү кытай-кыргыз мамилелерин чагылдырып турат.
Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айым билдиргендей, биз мындан ары Кытай менен Кыргызстандын элдери бир келечекке умтулган коом түзүүгө аракеттенет деп терең ишенебиз.
Кыргызстан менен Кытай - биргелешип тагдыры бирдей коомчулук түзүү жолунда!