2020 год президент Кыргызстана объявил годом развития регионов, цифровизации страны и поддержки детей

Акимдин ротациясы Араванга эмне берди?

 

Фотографии: akipress.kg

30 ноября -0001, 0:00       Источник akipress.kg       Комментарии

Жакында райондук акимиатта коомчулуктун өкүлдөрү менен бирге жылдын жыйынтыгы чыгарылды. Аким Сейтек Кулубаев жыл ичиндеги иштер боюнча фото-видеотасмаларды көрсөтүү менен кенен билдирүү берди. Айрымдарын биз катышуучу катары азыркы кабарыбызга улай, сүрөттөрүн кошуп жарыялап коюуну туура көрдүк.
Ал маалыматтар боюнча, 2023-жылы 5.048 млрд сомдук өнөр жай продукциясы иштелип чыгып, 2022-жылга салыштырганда 716.0 млн сомго көп өндүрүлүптүр. Жыл ичинде 129 жаңы ишкана ачылып, 468 жаңы жумуш орду пайда болуптур. 912.6 млн сомдук тышкы жана ички инвестиция тартылып, өткөн жылдагыдан 6 млн сомго ашык болгон.
Республикалык бюджеттен 5 км жолго асфальт төшөлсө, жергиликтүү бюджеттен 57 млн сомго 11 км ички жол асфальтталып, 32 км жолго шагыл төшөлүп, 9.7 млн сомго 5.8 км көчө тротуарлары курулган.
Айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү кургакчылыкка карабай былтыркы жылга 100.8 пайызды түзүп, буудай 224 тоннага көп, картошка 938 тоннага көп алынган экен. Үч айыл өкмөттө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн муниципалдык соцдүкөндөр ачылган.
2023-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы да күтүлүп жатыптыр. Ал эми жергиликтүү бюджет үчүн 75.8 млн сом салык көп жыйналып, өткөн жылга салыштырганда 125.2 пайызды түзгөн экен. Эки жылда эки айыл өкмөтү дотациядан чыгыптыр. 10-15 жылдан бери жылдап өндүрүлбөй келген 14.5 млн. сом салык өндүрүлгөн.
Жыйында мындан сырткары да бир катар жетишкендиктар айтылды. 2023-жылда белгиленген бардык пландуу көрсөткүчтөр аткарылат экен. Былтыркы 2022-жылы дагы 2021-жылга салыштырмалуу ири ийгиликтер жаралган. Райондун такай өсүш жолунда бара жатканы бизди кубандырат.
Социалдык баракчалардын ичинен Ютубга "Дубайга айланган Араван элди таң калтырып жатат" деген видеомакаланы Өзгөндөн келген бир мейман чыгарган экен. Аны 296 миң адам көрүп, 1.5 миң пикир жазылып, 6,5 миң "лайк" басылган экен. Бул макала бизди да кайдыгер калтырбай, добуш кошууга себепкер болду. Баары Президент Садыр Жапаровдун туура кадрдык саясатынан башталып жаткандыгы.
Эки-үч жыл мурда Президент жетекчи кадрларды ротациялоо саясатын баштап, Араванга Ак-Талаа районунун акими болуп турган Кулубаев Сейтекти дайындаган эле. Ал келген күндөн баштап башка негизги иштер менен жарыш, айылдардын ички көрүнүштөрүн оңдоого чечкиндүү киришкен болчу. Жалпы коомчулук, райондун жетекчи кызматкелери, ишкерлер акимдин демилгесин туура кабыл алышып, жапырт элдүү пункттардын аброюн тез арада оңдоп алышты.
Президенттин жүргүзүп жаткан туура кадрдык саясатьнын бир кичинекей үзүрү катары мына ушул өзгөндүк меймандын келип, таң калып, тарткан видеотасмасы күбө десек туура болот го. Ал тасмада Араван айылын жакшы тилек менен Дубайга салыштырыптыр. Көчөлөр жарыктандырылган, таза жуулган. Кыргыз Республикасынын туусу көчөлөргө тартылган. Автобустардын аялдамаларына таң калганын айтат. Андай аялдамалар Кореяда да, республиканын башка айылдарында, ал тургай Бишкекте да жок болсо керек дейт клиптин автору.
Чынында эле аялдамалар көздү кубантат. Туш тарабы бүт айнектелген, тосулуу, кенен эшиктери бар. Жумшак отургучтар орнотулган. Таштанды чакалары да бар. Ушундайдан эки жылда 24ү курулду. Андан да борбордук Араван базарынын маңдайына, жайма соода болгон жерге бардык шарты бар, кеңири аялдама курулуп, райондун ички каттамынын жүргүнчүлөрүнө жагымдуу шарт түзүлдү. Баары адамдар үчүн эң ыңгайлуу. Эстетикалык жактан заманбап. Фасадында реклама. Көчөлөр да кеңейтилип, тротуарлар салынып асфальтталды. Көчөнү тоскон жайма соодадан тазаланып, алар үчүн атайын кеңири "Акбула" базары ачылып, көчө боюндагы иретсиз курулган соода, тамак-аш точкалары бузулуп, орундар типтүү базарга сунушталды.
Чоң көчөнүн биринде көлөмдүү монитор орнотулуп, күн-түн иштеп, райондун социалдык-экономикалык иштери жөнүндө жарандарга маалыматтарды жарыялап турушат.
Ири трассалардын боюна таштандыларды таштай турган контейнерлерди орнотушуп, адамдын темирден жазалган сөлөкөтүн тургузуп, эки жагына тең: "Сураныч, таштанды таштабагыла!" деген тээ алыстан көрүнө турган жарыяны карматып коюшкан. Учурда коңшу Кара-Суу, Ноокат райондору да бул саамалыкты колго алып жатышат. Ошентип 2-3 жылда айылдардын көркүнө көрк кошулду.
Жогорудагы өзгөндүк меймандын бул тасмасы Араван районунда аткарылып жаткан көптөгөн иштердин бир чекеси эле. Райондогу бул ийгиликтер Президенттин кадрларды ротация кылуу саясатынын туура болгондугунун далили. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, өсүш республиканын бардык багытында болуп жатат. Ички дүң продукция бир трлн. сомдон ашты. Бюджет эселеп өстү. Айлык акылар, пенсиялар көбөйдү, дагы көбөйөрү айтылууда. 2024-жылдан баштап ондогон өнөр жай ишканалар курула турганы айтылды. Жолдор, суу сактагычтар, ондогон энергетикалык объекттер курула турган болуп жатат.
Президентибиздин жасап жаткан аракеттерине Жараткан жар болуп, жергиликтүү жана тармактык бийлик өкүлдөрү да кош колдоп жардам беришсе, Кыргызстандын чоң келечеги алдыда!
Араван районунун тургуну
"Достук" гезитинин мудагы редактору,
эмгек ардагери, Араван районунун
ардактуу ардагери, Кыргызстан
журналисттер союзунун мүчөсү
Тажибаев Латипжан
Араван районунун тургуну,
эмгек ардагери элдик курултайдын
улуттар кеңешинин мүчөсү
Исаков Тургунбай Исакович
Араван районунун тургуну Самара дыйкан
чарбасынын башчысы
Араван районунун ардактуу атуулу
Жусупов Тойчубек Аматович

Ссылка на новость:
https://for.kg/news-832850-ru.html

Читайте также

Делегат просит построить роддом в Араване, чтобы увеличить число населения

Проект завершен. Мобильные клиники "Каравана здоровья" передали двум вузам

Спецслужбы задержали подполковника при получении взятки в Араванском районе

ГКНБ задержал замначальника ОВД Араванского района за взятку

В Кыргызстане начало работу новое информационное агентство "Караван-Инфо"

 

SAPE:

 

АГРОПОРТАЛ КЫРГЫЗСТАНА, НОВОСТИ СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА
Обучение ювелирному делу в Бишкеке
МСН Общественно-политическая газета

18+

FOR.kg - Кыргызстан новости, пресса

Поисковый сайт новостей (новостной агрегатор, агрегатор СМИ) FOR.kg

Прежде прочтите Соглашение по использованию поискового сайта FOR.kg

При использовании материалов сайта FOR.kg - ссылка на источник обязательна

По всем вопросам обращайтесь в Службу поддержки

Top.Mail.Ru