Парикмахерские будут работать, - мэрия БишкекаКоронавирус в Кыргызстане. Актуальное на 23 марта

Ишенбай Абдуразаков: Өзүң ак болбосоң, "ак бол!" деп кимден сурайсың?

 

Фотографии: akipress.kg

23 марта 2020, 20:02       Источник akipress.kg       Комментарии

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, дипломат Ишенбай Абдуразаков менен Кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раевдин маеги:
Автордон: Бул маектин жарыяланганына 15 жылдан ашты. Бирок, мында айтылган ойлордун актуалдуулугу бүгүн да коңгуроодой кагылып турат. Ишенбай Абдуразаков дүйнө таанымы кенен, ой дүйнөсү чексиз, өтө аналитикалуу көз караштагы инсан эле. Андай адамдардын арасы жылдан-жылга суюлуп барат. Агай арабыздан кетсе да, анын артынан калтырып кеткен саясий сабагы дале бүгүнкү күндүн добулбасын кагып тургансыйт. Бир чети агайыбызга болгон урмат катары, бир чети көрүнүктүү инсанды эскерүү иретинде "АкиПресске" кайрадан жарыялап коюуну туура таптым.
- Ишенбай агай, азыркы күндө дүйнөлүк геосаясий чөлкөмдө болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Дүйнөлүк драма барган сайын биздин жаныбызга жакын келип, дүйнө чыңалып барат. А, биз баягы эле өз казаныбызда "кайнап", мурдубуздун учундагы апааттын жакындап баратканын сезбей турган чагыбыз. Атактуу Збигнев Бжезинский "Чон шахмат доскасы" аттуу китепти жазып, мындан дагы бир нече жылдан кийин дүйнө кандай өзгөрүүлөөрдү башынан кечирет, дүйнө кайсы тарапка карай өнүгөт, дүйнөлүк саясаттын "шахмат оюнчулары" дагы кандай жүрүштү баштайт, деги эле келечекте бизди эмне күтүп жатат деген ойду айтыптыр.Ал эми биздин Борбор Азия дүйнөлүк кагылыштардын "чоң казанына" айланып, бул чатак башы суу ресурстарынан, "демографиялык жарылуудан", улут аралык жаңжалдардан улам чыгат деп, биздин чөлкөмдү "Евразия Балканы" деген атка кондуруптур. Бул саясий божомолдун канчалык реалдуу негизи бар? Бар болсо, канчалык?
- Бжезинский чуулгандуу темага жакын адам. Аталган китептеги көп жыйынтык ойлор үстүртөн жазылса да кээ бирлери абдан кызык экен. Анын айрым жактарына сурооңо ылайык токтолоюн.
Эсиңдедир, автор "Евразийские Балканы" деп атаган чөлкөмгө Борбордук Азия эле эмес, андан башка Кавказ менен Афганистанды - бардыгы болуп тогуз өлкөнү, аларга кошумчалап кошуна өлкөлөрдүн ушул чөлкөмгө туташ турган аймактарын киргизиптир.
Дипломатиялык лексикондо "балкандар" деген түшүнүк конфликт чыгып кете турган мүмкүнчүлүк чоң региондорго карата колдонулат. Анын тарыхый чындыгы да бар. Балкан жарым аралындагы элдер Осмон империясына карата мезгилден баштап тынч жашаган эмес. Өз ара кагылышып, осмондорго каршы көтөрүлүп турган абалды жакын кошуна эки империя - Россия менен Австрия-Венгрия өз кызыкчылыгы үчүн тымызын да, ачык да колдонуп, алардын иштерине киришип турган. Алдыңкы катарда ушул үч империя турганы менен алардын артында бул үчөөнөн алда канча кубаттуу "оюнчулар" Германия, Франция жана Улуу Британия туруп, негизги ставканы ошолор койгон, аларды өз ара көкүтүп, бирин өзүнө тартып, экинчисин сестентип отуруп, оюндан от чыгарып, биринчи дүйнөлүк согуш тутанып кеткен. Ошол окуялардын ассоциациясынан уламбы же аналогия кылганбы, иши кылып, биздин регион "Евразийские Балканы" деген атка конуптур. Бул чөлкөмдү Бжезинский Евразия суперконтинентинин бир бөлүгү катары карап, ал эми Евразиянын өзүн болсо, ачыктан ачык эле дүйнөлүк үстөмдүк үчүн улантылып жаткан күрөштүн "шахмат тактасы", бу күрөш - геостратегияга, башкача айтканда геосаясий кызыкчылыкты стратегиялык жөнгө салууга тийиштүү деп отурбайбы. Мындан эми тыянак чыгара бер. Ал эми "Евразия Балкандары" үчүн тике атаандаша турган өлкөлөр, автордун пикири боюнча - Россия, Түркия жана Иран. Акыры жүрүп Кытай, кийинчерээк Пакистан, Индия жана да Америка экен. Албетте, тажрыйбалуу дипломат болгондуктан Бжезинский батыш жана чыгыштагы "балкандардын" тагдырын түздөн-түз байланыштырбаса да учурдагы абал опурталдуу экенин ачык айтыптыр. Бул китепте айтылган ойлорду "олуялык кылбай эле койсун, бардыгы ордуна келет"-деп, четке кагып коюш да чеки болоор. Муну эскертүү катары сергек кабыл алганыбыз дурус болот. Борбордук Азияга ар тараптан кызыгуу барган сайын артып келатканы - чындык. Анын көп себептери бар. Чөлкөмдүн Кытай, Индия, Россия жана Европаны байланыштырган гео-стратегиялык орду, эбегейсиз зор аянты, кенен рынок боло турган мүмкүнчүлүгү, эң негизгиси - энергетика булагы, ириде Каспий деңизинин, анын айланасындагы нефть жана газ байлыктары. Алардын өлчөмү жөнүндө так эсептелген маалымат жок, бирок дүйнөдөгү эң бай запастардын бири экени шексиз. Ошондуктан, өзүң айткандай "театр оюндары" ойнолбойт деп ким айта алат? Ал оюндар көмүскө түрдө башталды десек да болот.
-Борбор Азия мамлекеттери канчалык "Өзүнүн квартирасында мышык чычкан ойнобосун", алардын тагдырын башка күчтөр чечкени турбайбы, азыркы таптагы борбор азиялык интеграция бири-бирине доо айтуудан жогору көтөрүлө албай жатат. Башка мамлекеттер, дүйнөлөр ирилешип жатса, а биз тескерисинче, башкалар тиккен "кафтанды өзүбүзгө- өзүбүз чактап", дезинтеграцияга баратканыбызды аңдай албай турган абалда эмеспизби? Деги эле, жашоо образы, менталитети, жаде калса психологиясы окшош борборазиялыктардын ортосуна түшкөн "чырлуу алманын" даамы эмнени эске салып турат?
- "Кансыз согуш" аяктаганда көп политологдор дүйнөнүн өткөн тажрыйбасынан ала турган сабак катары, эрегишкен эски өнөкөт күч алып, кризистик туңгуюкка такап коё турган коркунучтан кутулуу үчүн жаңы парадигманын эришине ылайыкталган эл аралык тартипке өтүү шансы пайда болду, ошону колдон чыгарып жиберсек баягы эле "тырмоочту кайра басып", айлампадан чыга албай калуу ыктымал деген ойду айтышкан. Анын чындыгын тиреп турган Борбордук Азияны колдон чыгарып жиберсе, анын гео-стратегиялык абалы өтө морт болуп калышында эч шек жок. Ошондуктан бул маанилүү региондо Американын да, Кытайдын да таасири бар тараптуу күчөп кетишин эч каалабайт. Бул үчөөнүн ичинде арийне, Россиянын шансы күчтүүрөөк. Себептери да белгилүү. Тарыхый тажрыйбасы мол, үзүлгөн экономикалык байланышты улаштырып, мурдагы калыбына келтире албаса да, ошого жакындатуу мүмкүнчүлүгү бар андан тышкары маданий-тилдик жалпылыгы, бияктагы орустар жана орус тилдүү диаспора - ишеничтүү көпүрө, туруктуу таяныч.
Американын мүмкүнчүлүгү да чоң, бирок бул регион али чоочун, элдин сезиминде "кансыз согуш" мезгилиндеги идеологиялык, стререотиптер али тирүү. Анын үстүнө башка көп иштерге Ирак, Жакынкы Чыгыш, Афганистан киришип кетип, биздин чөлкөмгө аракетин топтой элек. Россиянын бул регионго кайрадан үстөмдүк кылышына каршы экенин жашырбаса да адекваттуу кадам коё элек. Кытай болсо "он миң жыл" масштабында ойлонгон өлкө. Азырынча баралына жете элек болгондуктан, нервин коротуп шашпай, аста саясат кылууда. Аскерий база куруунун аларга эч кереги жок, себеби, биздин кежигебизде Кашгар турат.
Тилекке каршы, адам баласы өткөндөн сабак алганды түк үйрөнбөй койду. Ошону үчүн турмуш аны кара-кайра жазалайт а бирок тиги болбой эле көнүмүш ишин кылат.
Бүгүнкү дүйнөдөгү реалдуулук ушул чындыкты тастыктайт. Өзүң айткан оюндардын түйүнү мында. Советтер Союзу да ошол тарыхтын сабагына текебер карап жүрүп кулап калгандан кийин дүйнөдө биринчи эле эмес жалгыз глобалдык держава катары Америка чыга келгени эч ким тана алгыс факт. Бирок маселенин түйүнү башкада. Биринчи болуп эле тобо деп тим болбой, Американын дүйнөлүк үстөмдүккө дымагы чоңоюуда. Бул жаңы геосаясаттын башаты десек болот. Андан аркы максат - эл аралык аренада үстөмдүк кыла ала турган жана да Америкага антагонисттик мамиледе болуп калышы ыктымал Евразиялык (Европа плюс Азия) державанын көтөрүлүп чыгышына бөгөт коюу. Балээнин баары ушунда. Азырынча андай ролго потенциалдык мүмкүнчүлүгү бар Россиянын да Кытайдын да чамасы бүгүн чак болгону менен эртең эмне болуп кетет деген шек Вашингтондун башын оорутууда. Геосаясий оюнга, чырга таштагандай кеп. Айтпаса деле түшүнүктүү - Американын мындай стратегиясы бүткүл аренада даана көрүнгөндүктөн Россия да, Кытай да колунан келгиче ага каршы далалат кылууда. Борбордук Азия бул оюндун бир гана, бирок өтө көргүлүктүү көшөгөсү. Үчөөнүн ичинен эң активдүүсү Россия. Бул өлкө эркин жыйнап, денесин жайып чечкиндүү аракетин баштады. Антпеске айласы да жок. Геостратегиялык абал ошого аргасыз түртүүдө. НАТО 19 өлкөдөн 26га көбөйүп, анын аскерий күчтөрү Россиянын экинчи борбору болгон Санкт-Петербургдун алкымына такалды эми түштүк тараптан. Ошентип, бул үч ажыдаардын өзүң элестеткен куйруктары ар түрдүү формада - кээ бири аскерий учактар, башкасы азырынча оюнчуктар аркылуу элдин элесине кире баштады. Жогоруда айткандай, ар биринин түпкү максаты өз алдынча болбосо да эл алдында салабаттуу сөз айтышууда. Ошону менен бирге "пропагандалык согуш" күчөп баратат. Россия тараптагылар масс-медиа аркылуу американын глобалдык саясатын эле эмес, шериктеш мамлекеттердеги иштерин да катуу сынга ала баштады. Албетте, америкалыктар да болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, Россия жөнүндө өзүнчө пикир таратууда. Көбүнчө Америка тарабы, кээде россиялыктар да кошулуп, баарыбызды Кытай менен коркуткусу келгени да ачык болду. Азырынча бул пропаганда. Бирок көп учурда пропаганданын артынан саясат келерин да унутпаш керек.
Кандай болгондо да Борбордук Азиянын, анын ичинде, арийне, Кыргызстандын тышкы байланышын ушул үч өлкөгө эле байлап коюш натура болот.
Бириккен Европа, Япония, Индия, Түркия, Иран ж.б. биздин партнерлорубуз боло алат. Бардык азимутка багытталган саясий озуйпаны ишке ашырыш айрыкча, бизге окшогон кичине өлкөгө кыйын. Бирок кичине өлкөнүн чоң руху болсо, өтө албас кечүүсү да болбойт. Укук бирдей, а дарамет теңсиз болгон шартта кыйынчылыктан чыгып кетүү дипломатиялык чеберчиликке байланыштуу. Чөгүп берсең мурдуңа була салат, ыксыз текеберленсең ала тургандан куру каласың. Аша кууланам десең, аның да билинип калат. Өзүңдү акылдуу десең да партнеруңду өзүңдөн кем көрбө. Дипломатия да өзгөрүүдө. Азыр ачык айтып, ак сүйлөбөсөң ишенимден кетесиң. Чырга тартуу чоң өлкөгө мүнөздүү.
Уландысы Ой пикир сайтында >>>

Ссылка на новость:
https://for.kg/news-638691-ru.html

Читайте также

Махабат Тажибек кызы и Азамату Ишенбекову предъявили обвинение в организации массовых беспорядков

ГКНБ задержан директор стройкомпании "Бурана Гранд" Урмат Ишенбеков

Акимдин ротациясы Араванга эмне берди?

 

SAPE:

 

АГРОПОРТАЛ КЫРГЫЗСТАНА, НОВОСТИ СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА
Обучение ювелирному делу в Бишкеке
МСН Общественно-политическая газета

18+

FOR.kg - Кыргызстан новости, пресса

Поисковый сайт новостей (новостной агрегатор, агрегатор СМИ) FOR.kg

Прежде прочтите Соглашение по использованию поискового сайта FOR.kg

При использовании материалов сайта FOR.kg - ссылка на источник обязательна

По всем вопросам обращайтесь в Службу поддержки

Top.Mail.Ru