2020 год президент Кыргызстана объявил годом развития регионов, цифровизации страны и поддержки детей

Госорганы и организации поздравляют с праздником Нооруз

 

Фотографии: akipress.kg

       

30 ноября -0001, 0:00       Источник akipress.kg       Комментарии

Государственные органы и другие организации поздравили кыргызстанцев с праздником Нооруз.
***
Кеңешбай Тайлаков castgal_init('.cast_group_elems_296706'); Поздравление Председателя Службы антимонопольного реагирования Кеңешбая Тайлакова:
"Урматтуу кесиптештер, кадырлуу кыргыз калкыбыз!
Жаз айындагы эң көрктүү, баалуу-нарктуу, улуттук Нооруз майрамы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктайм.
Нооруз - Жер эне ойгонуп, жер көктөп, байчечекей гүл ачкан, жаңылануунун, өзгөрүүнүн майрамы. Ата-бабаларыбыз ак ниет менен муундан муунга аздектеп өткөрүп келген Улустун улуу күнү.
Кирип келген Нооруз баарыбызга кут болсун. Ар бир үйгө береке төгүлүп, кут-ырыскы жылоолосун. Кампабыз данга, дасторконубуз нанга толгон жыл болсун.
Майрамыңыздар менен!".
***
Бактыбек Кудайбергенов castgal_init('.cast_group_elems_296704'); Поздравление председателя Национального статистического комитета Бактыбека Кудайбергенова:
"Жалпыңыздарды жазгы баар менен кошо келген, күн менен түн теңелген табият кубулушун камтыган Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Биз бири-бирибизге жакшылык каалоо менен, дилибизди тазартып, күрдөөлдүү эмгегибиз, биримдигибиз, ынтымак-ырашкерлигибиз менен алга карай барсак, ишибиз илгерилейт деп ишенем.
Ата-бабаларыбыздан калган ыйык майрам элибизге тынчтыкты, бейкуттукту, токчулукту, молчулукту, өлкөбүз үчүн жаңы жетишкендиктерди алып келсин.
Жаңырган жыл жергебизге кут, береке, үй-бүлѳңүздѳргѳ бакыт-таалай, бекем ден соолук алып келсин, маанайыңыздар жарык, демиңиздер сак, ишиңиздер ийгиликтүү болсун!".
***
Кудайберген Базарбаев castgal_init('.cast_group_elems_296676'); Поздравление министра труда, социального обеспечения и миграции Кудайбергена Базарбаева с праздником Нооруз:
"Урматтуу достор жана өнөктөштөр!
Жаздын, кайра жаралуунун, тынчтыктын жана достуктун майрамы болгон Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктоолорумду кабыл алыңыз!
Келген жаздын ар бир күнүнүн нуру ар бириңиздерге бакыт, ден соолук, кубаныч жана бакубатчылык алып келсин! Үйүңөрдөн жакшылык, молчулук жана береке кетпесин! Нооруз майрамыңыздар менен!"
***
Каныбек Иманалиев castgal_init('.cast_group_elems_296652'); Поздравление министра образования и науки Каныбека Иманалива:
"Урматтуу мекендештер, кымбаттуу боордоштор, кадырлуу билим берүү тармагынын кызматкерлери!
Жалпыбызга Нооруз майрамы куттуу болсун!
Элибиз эзелтен бери өзгөчө шаң менен белгилеп келген бул майрам - күн менен түндүн теңелгенин, жер жарылып, чөп чыкканын, жалпы журт эгин эгип, үрөн себүүгө кам көрө баштаганын, табият менен таттуу мамиледе болууну туюндурган майрам.
Нооруз - жаңылануунун, тазаруунун жана эмгектин майрамы.
Дал ушул күнү атпай кыргыз журту жакшы ниет, илгери үмүт, аруу максаттар менен элибизге токчулук, жергебизге молчулук, бейпил турмуш жана мол береке тилейт.
Жаңырган жылда баарыбызды албан ийгилик, ынтымак, өнүгүп-өсүү, жыргалчылык жана бакубат жашоо коштосун.
Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө бакыт жана тынчтык ыроолосун.
Ушул жылы билим берүү тармагында жасап жаткан эмгегибиздин акыбети кайтып, түшүмү мол жылдардан болсун.
Айдан аман, жылдан эсен бололу, Нооруз майрамыңыздар менен!"
***
Бообек Ажикеев castgal_init('.cast_group_elems_296647'); Поздравление министра чрезвычайных ситуаций Бообека Ажикеева:
"Урматтуу мекендештер!
Кадырман кыргыз элим!
Сиздерди күн менен түн теңелген Улустун улуу күнү - Нооруз майрамыңыздар менен чын ниетимден куттуктайм.
Нооруз - адамзат тарыхындагы эң байыркы майрамдардын бири. Анын маңызы - табияттагы жаңыланууну, адам баласынын жаратылыш менен тыгыз байланышын даңазалоо. Бабалар басып өткөн бай тарыхыбыз, бийик нарк, каада-салтыбыз улам кийинки муунга өтүп келаткан саамалык.
Улустун улуу күнүн элибиз байыртан эле жаңы күн катары ак тилек, асыл максат менен тоскон. Табияттагы жаңылануу, көктөм деми элибизде дагы аруулуктун, тазалыктын башаты катары майрамдалат.
Урматтуу кыргыз журтум!
Жараткан жалгап, жаңырган жылда элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык болсун!
Уучубуз узарып, урпагыбыз улансын.
Кылым карыткан Нооруз майрамы кут болсун!"
***
Нурланбек Шакиев castgal_init('.cast_group_elems_296642'); Поздравление спикера Жогорку Кенеша Нурланбека Шакиева:
"Уважаемые соотечественники!
От имени Жогорку Кенеша Кыргызской Республики и от себя лично поздравляю вас со светлым праздником Нооруз!
Этот праздник знаменует собой приход весны, пробуждение природы и, совпадая с днем равноденствия, издавна отмечается как начало нового года. Ведь недаром слово "Нооруз" происходит из древнеперсидского языка и в переводе на кыргызский означает "новый день". Накануне торжества традиционно готовят сумолок, кожо и другие национальные блюда. Процесс приготовления сопровождается песнями и танцами, а поутру матери выходят из домов и молят о благословении. Праздник Нооруз, полный чистых надежд, добрых пожеланий и высоких целей, олицетворяет собой гармонию между людьми и природой, прославляет нашу духовную культуру.
Дорогие кыргызстанцы!
Еще раз поздравляю Вас с прекрасным праздником обновления - Нооруз, который возвещает о приходе нового года, несет весеннее тепло и радостные перемены! Желаю вам крепкого здоровья, благополучия в доме, мира, единства и согласия! Пусть и дальше развивается, процветает и крепнет наш Кыргызстан, а год будет счастливым, успешным и радует хорошим урожаем!"
***
Замирбек Базарбеков castgal_init('.cast_group_elems_296641'); Поздравление председателя Верховного суда Замирбека Базарбекова с праздником Нооруз:
"Уважаемые кыргызстанцы!
От имени судебной системы Кыргызской Республики и от себя лично сердечно поздравляю вас с праздником Нооруз.
Пусть праздник, который мы отмечаем перед наступлением священного месяца Рамазан, принесет благоденствие.
В нашем многонациональном государстве Нооруз является символом возрождения, мира, дружбы и благополучия. Этот праздник наполняет духом примирения, дружбы, искренности, чистоты и возрождения. Нооруз, пришедший из глубины веков, стал неотъемлемой частью нашей духовной культуры и побуждает нас к благородным намерениям и даёт светлые надежды.
Пусть светлый праздник Нооруз принесет в каждый дом счастье, а государству - процветание!
Желаю всем кыргызстанцам крепкого здоровья, мира, успехов изобилия и достатка!"

Ссылка на новость:
https://for.kg/news-802184-ru.html

Читайте также

В Бишкеке отметили древний иранский праздник Шабе Ялда

На центральной площади Оша зажгут елку - всех приглашают на праздник

Садыр Жапаров поздравил сотрудников ГКНБ с профессиональным праздником

Садыр Жапаров поздравил чекистов с профессиональным праздником

Ночь Ялда́ - иранский национальный праздник

 

SAPE:

 

АГРОПОРТАЛ КЫРГЫЗСТАНА, НОВОСТИ СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА
Обучение ювелирному делу в Бишкеке
МСН Общественно-политическая газета

18+

FOR.kg - Кыргызстан новости, пресса

Поисковый сайт новостей (новостной агрегатор, агрегатор СМИ) FOR.kg

Прежде прочтите Соглашение по использованию поискового сайта FOR.kg

При использовании материалов сайта FOR.kg - ссылка на источник обязательна

По всем вопросам обращайтесь в Службу поддержки

Top.Mail.Ru