Сарпашов Эркин Маман уулуна
Байлыктын түшүп артына
Ушунча элди ыйлаттың
Кыргыздын белдүү уулу деп
Эркинди кимдер сыйлашсын?
өзүмчүл болуп өксөттүң
Көпчүлүк берет каргышты
Кайрымдуу болсоң элиңе
Албайт белең алкышты
Ыйманы бар эр-жигит
Күнөөсүз элди ыйлатпайт
Байлыкты канча бассаң да
Эл каргышы жыргатпайт
Жакшылык кылсаң элиңе
Эл колдоп берет демилге
Акчага сатып алам деп
Ач көз Эркин элирбе!
Акчага саткан абийириң
Араны бузган болбосо
Берилген бир аз өмүрдө
Ач көздөр артын ойлосо
Эмгексиз тапкан байлыгың
Жыргатып көпкө узатпайт
Кыңыр иш акыр билинет
Азапка салып, тозоктойт
Бирөөгө артпай жалааны
Так жүрсөң берет таалайды
Ата- арбак колдоп кырсыктан
Артылат алга кадамы
Сарпаш уулу Эркинди
Колдойт экен башчылар
Туугандары сот дешет
Акыйкат жок айыптар
Алдамчы чоңдор көбөйдү
Алсызга салып көйгөйдү
Карапайым эл кейийт
Чындык таасир этпеди
Очередь күтүп жети жыл
Алган жерден айрылдык
Чындыкка чечээр чоңдор жок
Айлабыз кетип кайгырдык
Закондуу алган жерибиз
Тарттырып койдук Эркинге
Жазыксыз элим кыйналдык
Эркиндин иши эп болуп
Чоңдор берип демилге
Бир-бирин байлар колдошсо
Бечара элге ким күйөт
Чындыкка жетпей чыркырап
Убара тартып эл жүрөт
Күнөөсүз күйүп көпчүлүк
Көп чоңдорго кайрылдык
Кезек күтүп алган жер
Себепсиз байга алдырдык
Жерди берип жатканда
Эмнеге Эркин чыкпады
Фундамент куюп, там салып
Жатканда элди ыйлатып
Киргизбей курчап алганы
Документ жазап, билгизбей
Арадан бир жыл өткөндө
Законсуз курчап алганга
Жол барбы мындай көпкөнгө?
Чындыкты кайдан табабыз
Чыркырап ыйлап жатабыз
Элди ойлогон чоңдор жок
Күнөөсүз күйүп, капабыз
Алдыда кандай күндөр бар
Байлыкка тойбой жургөн бар
Балдарым үчүн бел байлап
Ыр менен айтаар дүйнөм бар
Балдарымдын атасы
Акирет кеткен көз жумуп
Кыз, уулумду өстүрүп
Жашап жүрөм бел тутуп
Эмгек кылган элиме
Эмгектин ардагеримин
Баатыр эне мен элем
Балдарым үчүн кейидим
Элди ойлобос байлардын
Жыргаганын көрбөдүм
Артында жакшы сөз калбайт
Кайрымдуу жашап өтпөгөн
Пейили таза ыймандуу
Жакшы адамды эл колдойт
Байлыкты баскан ач көздөр
өкүнөт акыры, онолбойт
өткөрбөй көпчүлүк элди
Бекитти Гагарин көчөсүн
Баш ийбей чындык, тактыкка
Бул жашоодон кетээрсиң
Тозоктун түшүп отуна
Башыңды муштаар бекенсиң
Байлыгың бербей эч жардам
Ким экениң ошондо
Кыйналып жатып сезээрсиң. Бурмаш Макешева
Ссылка на новость:https://for.kg/public_reporter-234-en.html